Хизб-ут-Тахрир–Голландия «Климат проблемасы: Ислам көз карашына ылайык чечим» деп аталган форум өткөрдү

332
0

Хизб-ут-Тахрир–Голландия «Климат проблемасы: Ислам көз карашына ылайык чечим» деп аталган форум өткөрдү

Бүгүнкү күндө климаттын терс өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөгө олуттуу зыян жеткирилишине бүткүл дүйнө дуушар болууда. Мунун акыбетинде ушул зыянды жоё турган чечимдерди о.э. мындан да жаман зыяндарды алдын алуу үчүн керектүү чараларды көрүүнү талап кылгандар көбөйүүдө. Мындан улам, Хизб-ут-Тахрир–Голландия 2020-жылы 1-март күнү Амстердамда «Климат проблемасы: Ислам көз карашына ылайык чечим» деп аталган форум өткөрдү.

Форум Куръани Карим тилаваты менен ачылды. Кийин биринчи баянды боордошубуз Абдулмалик баштады жана экологиялык өзгөрүүнүн маңызы, Европадагы өнөр жай ыңкылабынын таасири жөнүндө сүйлөп, мындай деди:

«Экологиялык өзгөрүүнүн негизги себептеринин бири – ашыкча даражада өндүрүүгө маани берилгени. Өз кезегинде, бул керектөөнүн көбөйүшүнө алып келди, мунун тескериси туура болуп эсептелет. Себеби, мындай өзгөрүү айлана-чөйрөгө жана экологияга терс таасир кылды. Мисалы, зыяндуу газ чыгындылары, өнөр жай жана керектөө чыгындылары көбөйдү. Бул проблеманын түпкү негизи – батышча пикирлөө жана Батыш көз карашына ылайык турмушка кароо т.а. материалдык баалуулукка көбүрөөк ээ болууга этибар берип, бул кандай акыбетке жана зыяндарга алып келишине көз жумуу».

Экинчи баянда Хизб-ут-Тахрир–Голландия маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Укай Бала айлана-чөйрөгө жеткирилген зыяндын негизги себеби жөнүндө сөз сүйлөп, ушуларды баса белгиледи:

«Айлана-чөйрөгө жеткирилген зыяндын негизги себепчиси – капиталисттик түзүм. Бул түзүм кызыкчылыкка жана максималдуу даражада пайда алууга негизделген, бул экологияга таасир кылганы тиякта турсун, ал тургай, бүткүл адамзаттын жок болуп кетишине алып келсе да көңүл бурбайт».

Устаз Ислам көз карашы бүткүл адамзаттын иштерин башкарууга негизделгени жана башкаруунун бир бөлүгү адамзат жашап жаткан айлана-чөйрөнү коргоодон да турушу жөнүндө сөз сүйлөп, мындай деди:

«Ислам көз карашы – адамдардын иштерин камкордук менен башкаруу, ушуга ылайык, алар жашаган айлана-чөйрөнү коргоо. Ислам пайдага таянбайт жана материалдык ийгиликти өлчөө кылбайт. Ар бир мусулмандын жогорку максаты – Аллах Субханаху ва Тааланы ыраазы кылуу. Ошондуктан, адамзатты анын башына түшкөн кыйроодон, төмөн пикирлөөдөн куткарууга Ислам түзүмү гана кепил. Себеби, бул түзүмдө эң биринчи вазыйпа – адамдардын иштерин камкордук менен башкаруу. Ушул себептен улам, адамдардын өз жашоосун жана экологияны өз-өзүнөн коргойт».

 

Роя гезити, №277, 2020-жыл, 11-март.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here