Америка Саудия менен биргеликте коронавирус чүмбөтү астында нефть согушун алып барууда
Доктор Мухаммад Жиланий
Дүйнө Экинчи дүйнөлүк согуштан чыккандан кийин Америка дүйнө системасын кайрадан түзүүгө киришти. АКШ бул үчүн саясий жактан Коопсуздук Кеңешин жана эл аралык коалицияларды, экономикалык жактан Бреттон Вудс келишимин, Эл аралык Валюта Фондун жана Дүйнөлүк Банкты түздү. Кийин Америка Францияны жана Британияны эски колонияларынан чыгарып жиберем, Чыгыш Европа мамлекеттеринде Россия өкүмдар болушу мүмкүн деп өзүнүн эң чоң атаандашы болгон Советтер Союзун ишендирди.
Америка 1971-жылга келип, Бреттон Вудс келишиминен баш тартууга жана алтындын ордуна долларды эл аралык валюталардын өлчөөсүнө айлантууга чечим кылды. АКШ бул үчүн нефть соодасын жалаң гана доллар менен айырбаштоону кепилдеп алды. Кийин долларды ар кандай чектөөдөн азат кылды. Мисалы, анын экономикалык өсүүгө байланыштуулугун үздү. Бул президент Рейгандын 1983-жылдагы токтому аркылуу ишке ашты. Ошондо АКШнын финансылык байлыгы экономикалык өсүүгө караганда бир нече эсе өсүп кетти. Мисалы, экономика 3-8% аралыгында өскөндө, акча байлыгы 50% жана андан жогору көрсөткүчтө өстү.
Бир тараптан долларды алтындан ажыратуу, экинчи тарапан экономикалык өсүүдөн азат кылуу натыйжасында виртуалдуу же кыялдуу экономика деген нерсе жүзөгө келди. Жөнөкөй айтканда, акча товарлар менен да, өндүрүш менен да, кызматтар менен да өлчөнбөй турган болду.
Мына ушундай чаралар аркылуу Америка дүйнөлүк акча базарын жана эл аралык сооданы көзөмөлдөөгө жетишти. Т.а. дүйнөдөгү бардык мамлекеттер өздөрүнүн соода-сатык иштерин, айрыкча, энергетика жана нефтиге тиешелүү бизнес иштерин аткаруу үчүн чоң көлөмдө доллар кармоого мажбур болуп калды. АКШ өзүнүн федералдык запасы аркылуу доллар чыгарып, башка көптөгөн мамлекеттердин валюта курсун башкарган мамлекетке айланды.
Бул колонизатор мамлекет ОПЕКтеги таасирин Саудия аркылуу о.э. анын таасири астындагы Арамко компаниясы аркылуу бекемдеп, нефть базарына өкүмдар болуп алды…
Бүгүнкү күндө коронавирус жайылышы себептүү нефтиге болгон суроо талап төмөндөп кетти. Айрыкча, дүйнөлүк нефтинин 20%ын керектеген Кытайдын керектөөсү азайды. Америка өз малайы Саудия менен биргеликте нефть өндүрүүнү азайтуу аркылуу анын баасын төмөндөөдөн сактап калууга урунду. Бирок, ОПЕКке мүчө болбогон Россия өндүрүүнү азайтууга ыраазы болбоду. Себеби, Россия нефть баасынын төмөндөшү акыбетинде келип чыккан зыянды нефть өндүрүүнү көбөйтүү аркылуу жеңип аламын деп ойлоду. Мына ошондо Саудия (Америка Саудия менен Россиянын ортосундагы келишпестикке аралашуунун убагы эместигин Трамп аркылуу билдиргенине карабастан) Америка менен келишип алып, атайылап өндүрүш көлөмүн нефтинин баасы түшүп кете турган даражада көбөйттү. Бул Россияга таасир кылат. Оболу Россия Саудия өндүрүүнү көбөйтүүсү бизге зыян кылбайт деген эле. Бирок, Россия өзүнүн энергетика министри аркылуу нефть баасынын төмөндөп кетишин токтотуп калууга аракет кылууну талап кылды.
Буга жооп катары, массалык маалымат каражаттарында Америка Саудия менен биргелите жаңы нефть альянсын түзүүгө аракет кылып жатканы, Америка ушул аркылуу ОПЕКти жок кылууга жана Саудия жетектеген нефть базарын ОПЕК аркылуу эмес, түздөн-түз өз колуна өткөрүүгө урунуп жатканы айтылды.
Америка нефтиге байланыштуу стратегиялык кадамдарды таштоо үчүн азыркы абалдан пайдаланмакчы көрүнөт. Мында ушул нерселер ага ыңгайлуулук жаратат:
Канзада Мухаммад ибн Салман жетектеген Сауд Арабия АКШнын каалоолоруна жана талаптарына толук моюн сунат;
Бүгүнкү күндө нефть баасы кескин түшүп кетиши акыбетинде келип чыккан нефть кризиси нефть базары ойрон болушунан эскертүүдө жана бул нерсе нефть өндүргөн мамлекеттерди бул сыяктуу жаңы альянска ыраазы болууга үндөп жатат, эгер альянс нефть баасын зарыл даражада сактап турса.
Бүткүл дүйнө, өзгөчө, Европа мамлекеттери коронавирус эпидемиясы менен алек. Ошондуктан, алар бул эпидемияны тизгиндөөгө жардам берген ар кандай экономикалык саясий ишке араазы болушунун мүмкүнчүлүгү чоң.
Америка жүзөгө чыгармакчы болуп жаткан бул нерсе 1973-жылы Рамазан согушу учурунда король Файсал менен жүзөгө чыгарган нерсени эске салат. Ошондо бир тарапта Мисир менен Сирия, экинчи тарапта яхудий вужуду ортосунда болуп жаткан бул согушта Файсал атайылап Европа мамлекеттерине нефть жеткирип берүүнү токтотот жана бул нерсе нефть баасы өтө кымбаттап кетишине алып келет. Америка муну долларды алтындан ажыратуу жана ушул аркылуу нефть соодасында долларга таянууну актоо максатында уюштурган. Бирок, бул ирет абал бир аз тескери т.а. нефть баасы көтөрүлүп эмес, төмөндөп жатат. Нефть баасы төмөндөп кеткендиктен нефть экспорттогон мамлекеттер өзүлөрүнүн финансылык кирешелерин сактап калуу үчүн кымбатка түшсө да ар кандай чечимди кабыл алууга ыраазы болуп жатышат.
Бирок, акыйкатын алганда, учурдагы эл аралык абал Трамп жана анын саясатчылары каалап жаткан нерседен бүтүндөй башкача. Себеби, бул нерсе глобалдуу нефть саясатында түпкү өзгөрүүлөргө алып келбеши мүмкүн. Анткени, коронавирус эпидемиясы финансылык жана экономикалык системаны жок кылышы о.э. бүтүндөй кулоого алып келиши мүмкүн. Ушуга карай бара жатат. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер бүткүл дүйнө тартиби өзгөрүп кетиши мүмкүндүгү жөнүндө билдирүү беришти. Нефтиге болгон талаптын кескин төмөндөп кетиши Кытай өндүрүшү токтоп калышы акыбетинде болобу, дүйнөдө транспорт бүтүндөй токтоп калышы акыбетинде болобу, башка энергетикага болгон талаптар токтошу акыбетинде болобу, айырмасыз, нефть баасы жогорулап финансылык жоготуулардын орду толукталышы жакын арада күтүлбөйт.
Эмнеси болгон учурда да, бүгүн Трамп Саудия канзадасы Ибн Салман менен бирге оюн кылып жаткан бул нефть – Ислам Умматынын мүлкү жана бул мүлк дүйнөлүк системаны колдоп-кубатташы жаиз эмес. Себеби, бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк система – залим. Ал пайда болуп, бир формадан башка бир формага өзгөргөндөн бери Ислам жана мусулмандарга душман болуп келүүдө. Исламга каршы негизсиз, адилетсиз согушту жарыя кылган да ушул система болот. Дал ушул система Исламды башкаруудан о.э. адамзатты караңгылыктан нурга алып чыгуу милдетин аткаруудан четтетүүгө аракет кылды, дагы эле ушуга аракет кылып келүүдө. Бул сыяктуу глобалдуу системаны колдоо жаиз эмес. Тескерисинче, аны жок кылууга жана анын карамүртөздүгүнөн дүйнөнү куткарууга аракет кылуу керек.
Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25-март.