Коронавирус эл аралык саясатта өзгөрүүлөрдү пайда кылышы мүмкүн
Коронавирус – эл аралык саясаттын психологиялык куралына айланып, маалыматтык күрөш күчөп барууда. АКШ башчылык кылып жаткан бул маалыматтык согуш 11-сентябрда уюштурулган кылмышты эске салат. Ошондо да АКШ эл аралык саясаттагы таасиринен пайдаланып, дүйнө жүзүн өзүнүн кызыкчылыгы айланасына бириктире алган. Анын ошол терактты уюштурушунун артында Афганистан жана Иракка бастырып кирүү максаты жатканын дүйнө жүзү түшүнүп турган эле. Ошого карабастан, дүйнөдөгү бир да мамлекет ага каршы позицияны кармана алган эмес. Тескерисинче, дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик бардыгы АКШ Афганистанга каршы түзгөн эл аралык коалицияга кошулган же ыраазы болгон.
Эл аралык саясаттагы жетекчи мамлекеттер маал-маалы менен дүйнөлүк силкинүүгө алып барышы мүмкүн болгон финансылык, экономикалык жана саясий кризис же депрессияларды уюштуруп турушат. Ар бир кризисте бирер максат көздөлүп, ал максат жетекчи мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, белгилүү бир өлчөмдө жайылат.
АКШ уюштурганы болжолдонуп жаткан коронавирус пандемиясы Кытайдан башталды, бирок негизги дүрбөлөң Италиядан жайылууда. Кытай дүрбөлөңдү бастырууга аракет кылып, вирусту жеңгени, карантин алынганы жөнүндө кабарларды тарата баштады. “Азаттык” сыяктуу Америкага караштуу маалымат каражаттары болсо, коронавирус дүрбөлөңүн жайылтууну улантууда. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) пандемияга каршы 1 триллион доллар бөлүнөрү тууралуу маалымат таратты. ЭВФ ажырата турган акча да АКШнын таасири астында болуп, пандемияны колдоо менен дүйнөгө жасалма дүрбөлөң таратуу кампаниясына кативдүү катышкан мамлекеттерге бөлүнүп берилет.
Пандемия дүрбөлөңү артында АКШнын бир топ максаттары жаткан болушу мүмкүн.
- Дүйнөдөгү мамлекеттердин үстүнөн көзөмөлүн бекемдеп, алардын көзкарандылыгын күчөтүп алуу. Карантин аркылуу мамлекеттерди жаап, ири ишканалардын ишин токтотуп туруу менен дүйнөдөгү адамдардын жашоо деңгээлин төмөндөтүп барууда. Бул абал өз кезегинде мамлекеттердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн начарлатат, саясий көзкарандылыкты күчөтөт. Себеби, коронавирус пандемиясы АКШдан башка дээрлик бардык мамлекеттерди экономикалык киризиске алып барышы мүмкүн.
- Капитализмдин чыныгы кризисин жашыруу! Дүйнө жүзүндө иштеп чыгаруу үчүн сырьё жана кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, адамдардын керектөөсү болсо чексиз. Мындан товар жана кызматтардын жетишпестиги келип чыгат. Дүйнөлүк башкаруу системасы капиталисттердин тойбос муктаждыктарын камсыздай албайт. Капиталисттер дүйнөдөгү болгон мүмкүнчүлүктөрдү ээлеп алышты, бирок тойбой жатышат. Ошондо алар дүйнөдө өндүрүлүп жаткан бардык товарлардын үстүнөн туруксуз баалуу кагаздарды чыгара башташты. Башкача айтканда, алар бар товар жана продукциялардан тышкары, жок (виртуалдуу) продукциялар акысына адамдарга баалуу кагаздарды сата башташты. Натыйжада дүйнөлүк биржаларда ар бир өндүрүлгөн товарлар үстүндө алардын чыныгы баасынан бир топ ашыкча бааланган кагаздуу акциялар соодасы жүрө баштады. Бул акция ээлери виртуалдык соодадан о.э. виртуалдык акчалардын банктардагы цифраларда гана түшүп жаткан акчалардан пайдаланып жатабыз деп алданып жүрүшөт.
Бирок убакыт өтүшү менен виртуалдык акчалардын көлөмү реалдуу товарлардын баасынан ондогон эсеге көбөйүп кетиши дүйнө жетекчилерин дүрбөлөңгө түшүрө баштады. Себеби, капитализмдеги бул кагаздар соодасы, кудум суунун бетиндеги көбүктөрдү сатуу сыяктуу соода болуп, убагы келгенде албетте ачыкка чыгышы анык болгон аферисттик эле! АКШ коронавирус карантининен пайдаланып, дүйнөдөгү виртуалдык акциялар баасын да түшүрүп аларды товарлардын реалдуу баасына жакындатып алмакчы болот.
- Кытай жана Европа Союзу сыяктуу ири атаадаштарынын эл аралык саясаттагы позициясын төмөндөтүп алуу. Кытай дүйнөлүк базарларды ээлеп бара жаткан бир мезгилде карантин аны белгисиз мөөнөткө токтотуп койду. Евробиримдикке мүчө мамлекеттер ортосундагы шенген визасы да дээрлик жокко чыгуунун алдында турат. Европа Союзу Италия жана башка мамлекеттерге гуманитардык бере албагандан тышкары, ортодогу чек араларын жаап башташты. Бул абал Евробиримдик жакынкы келечекте тарап кетишине ишара кылат. Эл аралык саясатта өзгөрүүлөр жүз берсе, Европа, Кытай жана башка ири мамлекеттер ага азыркы алсыз абалы менен кирип барышын түшүндүрөт. Бул болсо, АКШга эл аралык саясатты башкарууда бир аз болсо да жеңилдик алып келиши мүмкүн.
Абдураззак Муъмин.