«Кескиндик бороону» коалициясы Ямандагы миссиясын аяктоо алдында
Жума күнү Яман президенти Абдураббих Мансур Хадийдин кеңешчиси Ахмад ибн Дагр Хусийлердин Ямандын түндүгүндөгү Жавф вилаятын көзөмөлгө алышы «аскерий күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртөрүн» баса белгиледи. Ал Фейсбуктагы баракчасында Хусийлердин Саудия менен чектеш бул вилаятты көзөмөлгө алышы «биздин мыйзамдуулугубузга о.э. коалиция бизди ушундай абалга алып келгенине барып такалат. Мындай абалда биз Хусийлерге да, Иранга да жеңилүү кандай болушун көрсөтүп койдук» деди.
Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын маалымат бөлүмү «Кескиндик бороону коалициясы Ямандагы миссиясын аяктоо алдында» деген басма сөз билдирүүсүн жарыялап, ушуларды баса белгиледи:
«Бул вилаяттарда Хусийлердин бекем орношуусу Американын кызыкчылыгына кызмат кылат. О.э. Ислах партиясын жеңилүүгө учуратууга, Хусийлерге ыраазы болууга мажбурлоого жана партияны аскерий кубатынан бөлүүгө Америка кызыкдар. Бул иш менен Саудия алектенүүдө жана муну англистердин таасирин алсыратып, кожоюну Америкага кызмат көрсөтүү үчүн ишке ашырууда».
Билдирүүдө дагы мындай делет:
«Яман үстүндө Англия-Америка күрөшү уланууда. Бирок, англистердин малайлары Яманда эки от ортосунда калышты, бир тарапта Америка малайы Саудия турса, экинчи тарапта америкачыл Хусийлер турат. Демек, Саудия Хусийлер менен келишип алып, Яман ишин Америка каалагандай өз көзөмөлүнө алды. Британия Америкага ачык каршы чыгууга батына албай жатат. Өзүнүн малайлары аркылуу жана саясий куулугу менен гана ага каршы чыгууга батынып жатат».
Билдирүү соңунда ушулар баса белгиленди:
«Хусийлердин ушул фронтторду жана вилаяттарды көзөмөлдөп жатканы таң калычтуу эмес. Белгилүү болгондой, Саудия «Кескиндик бороонун» Хусийлерди куткаруу жана жабырлануучу кылып көрсөтүп, аларды Яман бийлигине шерик кылуу максатында алып барды. Негизи, муну Америка каалайт. Президент Хадий качып кеткенден кийин Хусийлер саясий жактан дээрлик ийгиликсиздикке учурап жаткан о.э. алардын кеңейишин эл колдобой жаткан жаткан эле.
Роя гезити, №277, 2020-жыл, 11-март.