Талибандын Америка менен өткөргөн сүйлөшүүлөрү кайда алып барат?!
АКШнын Афганистандагы баскынчылыгына чоң салым кошкон жана теги афган Залмай Халилзад АКШ менен Талибан ортосунда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөргө бир жылдан бери жетекчилик кылып келүүдө. Сүйлөшүү Катар борбору Дохада болуп өттү. Катар амири Американынын көңүлүн алуу үчүн сүйлөшүүгө ортомчулук кылуу милдетин да, каржылоо милдетин да алды. Ушул сүйлөшүүлөрдөн бир жыл өтүп, жети күндүк келишим түзүлдү жана бул келишим 2020-жылы 28-февралда кол коюлган тынчтык келишимине негиз салды. Бул келишимди АКШ администрациясы да, Талибан жетекчилери да, ортомчу малайлар да алкышташты.
Америка сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү аяктоого катуу аракет кылып жатканы анык. Талибан кыймылы америкалык аскерлерди өлтүрүү сыяктуу иштер менен сүйлөшүүлөрдү бузган болсо да, бирок, Америка ага көз жумду, акааратты ичине жутту о.э. жети күндүк келишимди түзүү үчүн оор сүйлөшүүлөр жараянын улантты.
Трамп администрациясын Талибан менен мындай келишимди түзүүгө оор саясий жана экономикалык абал мажбур кылууда. Алар аскерий агрессияга чекит коймокчу. Он тогуз жылдык баскынчылык Америкага ийгилик алып келбеди. Анын үстүнө, аскерлер, аскерий техника жана каражат жагынан ири зыянга учурады. Американын Афганистанда каза болгон аскерлери төрт миңден ашты, он миллиарддаган доллар сарптап, пайда көрбөдү.
Исламга каршы согушуу үчүн «терроризм», «экстремизм» жана фундаментализмди» шылтоого адаттанган, демократияны, адам укуктарын жана аялдардын укуктарын коргоого чакырып жаткан АКШ Талибан каршысында алсыз болду, муну моюнга алды. Ал тургай, Талибан аялдарга душмандык кылат, аларды таалим алуу жөнөкөй укуктарынан да куру калтырат деп айыптап келген бул мамлекет аялдардын укуктары маселесиндеги бардык талаптарынан баш тартты.
Американын Талибан кыймылы каршысында жан бериши ушуну көрсөтүүдө – бул мамлекет өз кызыкчылыгынан башка нерсени ойлобойт, адам укуктары да, аялдардын укугу да аны кымындай тынчсыздантпайт, ал өз кызыкчылыгын коргоо үчүн ар кандай нерседен баш тартат, ар кандай нерсеге моюн сунат, анын алсыз жайы – согуш майданында зыян көрүү. Себеби, мужахиддерге каршы анын күчү жетпей жатат, ыйман негизинде согушууда ар кандай күч алдында бүтүндөй коркоктук кылып жатат. Америка Афганистанда он тогуз жылдан бери күрөшүп жатканынан ушуну көрүү мүмкүн – бул мамлекет ушул өлкөдө аскерий жактан алсыздык кылып жатат, мүмкүнчүлүктөрү чектелген, жалданган кошуундары ийгиликке жетишкен жок, текебер мамлекет кор болуп жан берүүгө даяр мамлекетке айланып калды.
Шек-күмөнсүз, согуш маселесинде ийгиликке жетишпеген Америка сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жетишти. Себеби, ал Талибан кыймылын алдап, аны сүйлөшүү столуна алып келе алды, ага Афганистандан бардык күчтөрүн алып чыгып кетүүгө убада берди, Талибанды эл аралык жактан моюнга алынган кыймылга айлантышын айтты. Талибан Американын бул сунуштарын кабыл алды. Себеби, Талибан саясий абалды түшүнгөн жок жана бул абал ал үчүн пайдалуу көрүндү. Талибан Америка өз кызыкчылыктарынан башка тилди түшүнбөгөн мамлекет экенин билбеди, Америка Талибанды сүйлөшүүгө тартканы анын кызыкчылыгына гана кызмат кылат жана анын оюндагы упайы болуп эсептелет.
Америка Талибан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп төрт баасыз ийгиликке жетишти:
Талибан Америкага кайда болбосун чабуул кылбай турган болду;
Афганистанга эч кандай исламий кыймылды киргизбей турган болду;
Ашраф Ганинин Америкага малай өкмөтү менен сүйлөшүүлөр өткөрө турган болду;
Мамлекет концепциясында эл аралык стандарттарды кабыл ала турган болду.
Талибан Американын бул шарттарын кабыл алганы ушуну түшүндүрөт, демек, ал жихад кылуудан жана Ислам дүйнөсү менен акыйда негизинде алака кылуудан баш тартты, мамлкет дегенде БУУнун шаръий өкүмдөргө тескери эл аралык өлчөөдөгү түшүнүгү боюнча түшүнө турган жана Америкага малай мамлекеттерге моюн суна турган болду. Т.а. өкүнүчтүүсү, жөнөкөй кылып айтканда, Талибан кыймылы Американын сүйлөшүү тузагына илинди.
Роя гезити, №275, 2020-жыл, 26–февраль.