Кыргызстанда баалуулуктар күрөшү күчөп барууда

414
0

Кыргызстанда баалуулуктар күрөшү күчөп барууда

8-март күнү феминисттер Бишкекте акция өткөрмөкчү болушту. Бирок, беткап тагынып, башына калпак кийген жигиттер феминисттерге каршы туруп, митингде провокация кылууга аракет кылышты. Ошондон кийин милиция кызматкерлери акцияга чыккандарга карата күч колдонуп, митингге катышкан ондогон аялдарды кармап кетишкени кабарланды.

Феминизм – бул саясий багыт болуп, аялдар эркиндигин жана тең укуктуулугун коргоо негизине курулган. Аялдар эркиндигин коргоо – бул демократия баалуулуктарынан болуп, мында адам эркиндигин коргоо негизинде иш алып барылат.

Негизи Кыргызстанда аялдарга карата “феминист”терге арыздана турган деңгээлде зулум жок. Бул аракет, Кыргызстандагы россиячыл саясий чөйрөгө каршы Батыш хазараты багыттаган атайын аракеттердин кезектегиси болчу. Алардын максаты, коомдо аялдарга каршылык көрсөткөн өкмөттү жек көрсөтүп, илманийликти жакшы көрсөткөн маанай пайда кылуу болчу.

Бийликтин пикирлөө деңгээли өз ордун сактап калуудан жогору көтөрүлө албай жатат. Бийлик кырдаалды жөнгө салууда да өтө тайыз, башкача айтканда, шайлоодон ийгиликтүү өтүп алуу негизинде гана пикирлеп жатат. Негизи, Батыш мамлекетти сакафий колония кылып алса, аларды эч кандай бийлик кубаты сактап кала албайт! Себеби, элди жашоо жөнүндөгү түшүнүктөр башкарат. Кыргыз бийлиги акыркы ондогон жылдардан бери өлкөнү улутчулдук негизиндеги дүйнөкараш негизинде башкарып келе жатат. Улутчулдук мабдаий фикрат болбогондуктан, Батыш алып кирип келе жаткан капиталисттик идеологияга негизделген илманийлик түшүнүктөрү улутчулдукту жеңиши анык эле. Ошондой да болду! Улутчулдук негизинде иш алып барган саясатчылар коомдон четтеп барышууда.

Эки тарап тең – учурдагы бийлик жана ага каршы туруп жаткан Батыш хазараты – демократия дүйнөкарашына негизделген . Бирок, экөөнүн демократияны шылтоолоп элди өзү тарапка тартуудан көздөгөн максаттары бири-биринен айырмаланат. Алар ал тургай ушул бузук демократиялык түзүмдү да өз акыйдасына байлап, элди ушул идеология негизинде жакшы жашоого алып чыгуу жөнүндө пикирлей алышпайт. Себеби, дүйнө жүзү демократия системасы адамзатты жакшы жашоого алып барышынан үмүтүн үздү. Бүгүнкү күндө бирер материалдык же геосаясий кызыкчылыкка ээ болуу үчүн демократия баалуулуктарынан пайдалануу адатка айланды. Эл аралык саясий күчтөр, ал тургай Ислам жана исламий баалуулуктардан да өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланмакчы болушат.

Тыянактап айтканда, биз момун-мусулмандар кайдыгер таштап койгон коомубуз ушул сыяктуу жийиркеничтүү, куфр дүйнөкарашынан таасирленген бузуку күчтөр ортосунда талашта калды. Биз болсо алардын ортосунда бирибиз анысы, башкабыз мунусу тарапта туруп пикирлейбиз же иш жүзүндө алардын бирин колдоп келебиз! Негизи эки тарап тең саясий шылуундар болуп, алардын хазарат жана дүйнөкараштары адамдарды жакшы жашоого алып бара албайт. Эки тарап өкүлдөрүнүн максаты, башкача айтканда, саясий жетекчиликти алуу же сактап калуу максаттары, мамлекетке жакшылык алып келбейт. Себеби, алардын акыйдасы жана ушул акыйдадан келип чыккан дүйнөкараштары бирдей болушуна карабастан, эки тараптын максаттары бири-бирине карама-каршы келет. Ошондуктан, учурдагы илманий саясий чөйрөдөгүлөрдүн ар бир сөзү, убада жана долбоорлору жалган жана шылуундук негизине курулганын көрөбүз.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here