Өзбекстан менен АКШ аскерлери биргелешкен машыгууларды өткөрдү
24-февралдан 2-мартка чейин Өзбекстандын Улуттук гвардиясы жана башка коопсуздук күчтөрү АКШ Куралдуу күчтөрү Борбордук командачылыгы менен коопсуздук боюнча кызматташтык алакасын бекемдөө жана өз ара ылайыкташууну күчөтүү максатында биргелешкен машыгууларды өткөргөн. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчиканасы маалымдады.
Кабарда келишинче, өзбекстандык жана америкалык аскерлер полигондордо жана Өзбекстан өкмөтү уруксат берген башка объекттерде “Жеңилбес сакчы – 2020” деген аталышта машыгууларды өткөрүшкөн.
“Өзбекстан менен аскерий кызматташтыгыбыз өз ара урмат жана ортоктош кызыкчылыктарга негизделген. “Жеңилбес сакчы” сыяктуу окуу программалары жана биргелешкен машыгуулар Өзбекстан менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыгыбыз терең экендигин көрсөтөт”, – деди АКШнын Өзбекстандагы элчиси Даниэл Розенблюм.
Комментарий: АКШ жана Россиянын Борбор Азиядагы таасир талашуусу Өзбекстанда кагышууда.
Россия Өзбекстан режимин АЭС куруп берүү о.э. Өзбекстандын товарларына өзүнүн ички базарларын ачып берүү убадалары менен өзүнө тартмакчы болууда. АКШ болсо чоң өлчөмдөгү кредиттер жана инвестиция алып кирүү о.э. түрдүү деңгээлдеги аскерий делегацияларды жөнөтүү, өзбек аскерлерин АКШга чакыруу жана биргелешкен машыгуулар аркылуу өзүнө тартмакчы болууда.
2018-жылдын күз мезгилинде Миссисипи штатынын улуттук гвардиясынын командачысы генерал-майор Женсон Бойлс башчылыгындагы АКШ делегациясы Өзбекстандын Коргоо министрлигине расмий сапар менен келген. Тараптар аскерий-техникалык кызматташтыкты о.э. командалык жана штабдык деңгээлдеги аскерий кадрларды даярдоо тармагындагы кызматташтыкты талкуулашкан.
2019-жылдын январь айында Өзбекстандын коргоо министри Абдусалом Азизов Өзбекстан Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү менен Кемп-Шелби аскерий базасында “Түштүк чабуул” Улуттук гвардиясынын машыгууларына катышкан. О.э. Өзбекстан Коргоо министрлиги жана CENTCOM ортосундагы аскерий мамилелер планын командачылык штабында талкуулашкан.
Өзбекстанга сунушталып жаткан бул эки тараптуу кызыкчылыктар, негизи, Өзбекстан
коопсуздугу үчүн кооптуу абалдарга себеп
болушу мүмкүн. Себеби, АКШ менен Россиянын бул региондо өз кызыкчылыктары бар
болуп, биринин кызыкчылыгы
экинчисиникине туура келбейт. Бул болсо, эл аралык саясатка таасир
өткөрүүчү эки мамлекеттин Өзбекстанда кагышуусуна алып барат.
Абдурахман Адилов