Капитализм четке кагылып, Аллах Тааланын шарияты өкүмдар кылынмай, мусулмандардын абалы таптакыр оңолбойт

494
0

Капитализм четке кагылып, Аллах Тааланын шарияты өкүмдар кылынмай, мусулмандардын абалы таптакыр оңолбойт

Устаз Абдуррахман Васик

Ирактагы октябрь козглоңу төртүнчү айга кирди. Демонстранттар жана активисттердин айтымында, бул козголоң режимди кулатууга о.э. өкүмдар коррупциячыл партиялар тартып алган «мекенди», канчалык кымбатка түшпөсүн, кайтарып алууга бекем чечим кылды. Айрыкча, 2019-жылы 1-октябрдан бери козголоңчу жигиттер көп курмандыктарды беришти, азырга чейин каза болгон жана жараат алгандардын саны 23 миңге жетти. Бул кылмыштар Иран ойлоп тапкан ыкмалар жардамында о.э. өздөрүн калк сапарбарлыгына таандыкпыз деп, түпкүлүгүндө, снайперлерден ок атып жаткан, демонстранттарды коркутуу… уурдап кетүү… жырткычтык менен атып өлтүрүү менен алектенип жаткан куралдуу топтор аркылуу ишке ашырылды… Ушул кылмыштар өкмөттүн «тилектештиги» жана сүкүтү астында дагы эле уланууда. Ал тургай, өкмөттүн айрым кызматкерлери да ушул согушкерлер менен кызматташууда. Эч нерсе менен актагыс бул мункар кылмыштын кезектегиси болуп Мухаммад Фазил уурдалып кетти. Мухаммад Фазил борбор калаанын Тахрир аянтында демонстрациянын алгачкы күнүнөн бери аракет кылып жаткан активисттердин бири. 2020-жылы 10-январь жума күнү коопсуздук кызматы берген кабарга ылайык, коопсуздук күчтөрү Басрадагы деңиз портунун жанында демонстранттарды бастырып, алардын бир канчасын мыйзамсыз түрдө камакка алган. Ушул райондо белгисиз куралдуу топтор журналисттерге кол салышкан. Насириядагы абал да мындан жакшы эмес. Саясий абалды дыкат күзөткөн Галиб Шабандир айтышынча, «өкмөттөгү саясатчылар жана «исламчыл» топтор элдик кыймылды тизгиндөөгө урунушууда жана алар өз мансаптарын сактап калуу үчүн бүткүл Иракты өрттөп күлүн көккө сапырууга да даяр». («Шаркия» телеканалы).

Демонстранттар өткөн жума күнү элге «бизди социалдык тармактарда колдоп-кубаттоо менен чектелбегеле, нааразылык демонстрациялары башталганынын 100 күндүгүнө карата Багдадда жана башка вилаяттарда биз убада кылган миллиондор демонстрациясына баарыңар катышкыла» деп кайрылуу жолдошту. Жүздөгөн кишилер кайрылууну кабыл алып, Тахрир аянтына, борбордун башка аянттарына жана түштүк аянттарына чыгышты. Демонстранттар «Бар болсун Ирак, жоголсун Америка жана Иран» деп кыйкырышты. Өлкөнүн күйүүчү майы Иракты согуш майданына айлантып жатканын каралашты. Университеттердин студенттери да Жогорку билим министрлигинин сабактарга кайтууга үндөгөн чакырыгын четке кагып, өз талаптарыбызга толук жетишмейинче, аянттардан кетпейбиз, дешти.

Белгилүү болгондой, Америка Ирандын ишеничтүү адамы жана Америка Ирандын тышкы саясатын башкарган Сулайманийди – анын жийиркеничтүү иштерине белгилүү бир убакыт сүкүт сактап келгенден кийин о.э. «укугу» бүтүп, жамандыгы Американын Багдаддагы элчилигине чабуул кылууга жеткенден кийин – өлтүрдү. Америка анын өлтүрүлүшү АКШ менен Ирандын кагылышуусуна алып барышын да этибарга албады. Шек-күмөнсүз, Америка аны өлтүрүү менен коомчулуктун этибарын Ирак демонстрацияларынан бурууга урунду… Учурда Ирактагы нааразылык демонстрациялардын жана андагы талаптардын тагдыры эмне болот деген табигый суроо турат. Өкмөттүк даражада алсак, Сулайманийдин өлтүрүлүшү абалды өтө татаалдаштырат. Т.а. жаңы өкмөттүн кандай формада болушу жана ким премьер-министр болуп дайындалышы жөнүндөгү келишимди татаалдаштырат. Ошондуктан, ушул кескин абалдан мурда бийлик расмийлеринен ким өзгөрүүчөн болгон болсо, эми мындан кийин ал дагы да радикалдашат. Эми отставка берген өкмөттүн иш-чаралары бекер болот. Баарынан мурда ачууланган калктын талабына жооб катары жарыя кылынышы күтүлүп жаткан иш-чаралар бекер болушу мүмкүн. Мисалы, президент Абдулмахдийдин ордуна талапкер белгилөө, көз карандысыз шайлоо комиссиясы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана алардан башка сенектик абалдан чыгуу үчүн өкмөт милдеттенмелерди мойнуна алышы күтүлүп жаткан… Бул сенектик абалда өлкө калктын кызыкчылыктарын башкарган өкмөттөн куру калып, Абдулмахдий эрксиз жетекчиге айланган… Себеби, Америка ага бирер көрсөтмө берсе, Иран ага каршы көрсөтмө берип, Абдулмахдий болсо, ортодо чарасыз калган. Республика президенти Бархам Салихке келсек, конституциялык мөөнөт аяктагына карабастан, унчукпай жатат… Акыйкатта болсо, аны дайындагандар конституция коргоочусу жана калк кызыкчылыктарынын коргоочусу экенин айткан… Бул жуундукор жетекчилердин жүзүн Аллах тескери кылсын, бирөөсүндө да жакшылык жок!

Бирок, ошол эле убакта, Сулайманийдин өлтүрүлүшү айрым расмийлер о.э. ийгиликсиз парламент мүчөлөрү жана диний чөйрө өкүлдөрү элдик демонстрацияга калп эле жан тартып жатышканын ачыктады. Түпкүлүгүндө, алар демонстрациядан өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышты жана көп узабай ага каршы чыгышты. Жалгандан жан тарткандардын айрымдары парламент өкүлдөрү болсо, башкалары Сулайманий өлүмүнөн аза күнүн жарыялаган диний мекеме өкүлдөрү болду. Дагы кээ бирөөлөрү парламенттен туруп демонстранттардын акылуу талаптарына тескери түрдө, өлгөн Сулайманийдин атынан сүйлөй турган болду… Баары козголоңчулардын акылуу талаптарына тескери позицияда турушат. Бул абалда акыйкатка жакын сценарий калат. Эксперт Хашимийдин айтымында, бул сценарий – келишүүгө келүү кыйын болуп турган учурда Адил Абдулмахдийдин өкмөт башында калышы. Абдулмахдийдин калышы демонстрацияны улантууга чечим кылган козголоңдун каршылыгына учурайт.

Демонстранттардын бул окуялардан кийинки позициясы жөнүндө активисттердин бири Хасан Наваф мындай дейт: «Демонстрация уланат, ушунча шейиттерди берүүнүн артынан демонстранттар «нөл чекитке» таптакыр кайтышпайт». Ал кошумчалап айтат: «Бизди АКШ менен Иран ортосундагы окуялар кызыктырбайт, биз өзүбүздөн өкүл болгон өкмөт түзүлүшүн жана реформалар өткөрүлүп, коррупция жок болушун талап кылып жатабыз». (DW арабия).

Хасан Наваф АКШ тышкы иштер министри Помпео тараткан видеого түшүндүрмө берди: «Түпкүлүгүндө, бул видеодо ушул нерсе байкалып турат, демонстрация өтүп жаткан аянттардагы адамдар Сулайманийдин өлтүрүлгөнүн угуп кубанышты, себеби, алар бул кимсени демонстрацияга каршы тургандардын бири деп билишет, демонстрациянын талаптары анык жана дагы эле ошондой».

Ошентип, мусулман өлкөлөрү, алардын катарында, Ирак өлкөсү кафир мамлекеттер үчүн дагы эле күрөш аренасына айланып калууда. Уммат алдында мунун акыбеттерине мажбурий чыдоо жана акимдерди жек көрүүдөн башка чара калбай жатат. Негизи, бул акимдер өздөрүнө малайлыкты ыраа көрүштү, ал тургай, өткүнчү мансап жана жалган «наамдар» үчүн өлкө калкын колонизатор кафирдин колуна тапшырышты. Түпкүлүгүндө, бул акимдер колонизатор кожоюндарынын колдору болуп, алардын буйруктарын аткаруудан башка иш кылышпайт. Бул буйруктар себептүү алардын урматы тебеленсе да, калк азап тартса да аларга маанисиз.

Бирок, Аллах Тааланын уруксаты менен, үмүт бар. Аллах рошид Халифалык мамлекети долбоорун ишке ашыруу үчүн калыс аракет кылган кишилерге жардам беришине ишеним ар дайым бар. Бул мамлекет гана Умматтын куткаруучусу жана коргоочу коргону болуп, кафирлер биздин жана өлкөлөрүбүздүн үстүнөн оюн кылууларына, текеберлигине чекит коёт.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here