Кытай дүйнөлүк бренд өнөржайлардын филиалдарында уйгурларды мажбурлап иштетүүдө

594
0

Кытай дүйнөлүк бренд өнөржайлардын  филиалдарында уйгурларды мажбурлап иштетүүдө

Кытайдын расмийлери жүз миңдеген мусулмандар, негизинен, уйгур улутундагы адамдар кармалып турган “кесипке даярдоо борборлорунда” адамдарды белгилүү бренддик товарларды чыгаруучу фабрикаларда иштөөгө мажбурлоодо.

Бул тууралуу Австралия стратегиялык саясат институтунун (ASPI) отчётунда айтылган.

Отчёттун авторлору Кытай өкмөтүнүн документтериндеги жана маалымат каражаттарындагы маалыматтарга таянып, Шинжаң Уйгур автономиялуу облусунун расмийлери лагердеги адамдар Шинжаңда эле эмес, Кытайдын башка аймактарында да ишке тартылып жатканын билдиришкен. Бул жерде кеминде 80 миң уйгур иштеген 27  фабрика жөнүндө сөз болууда.

Ал фабрикалар товар жеткирип берип жаткан компаниялардын арасында Apple, BMW, Nike, Samsung, Sony, Volkswagen жана башка компаниялар бар. Ал компаниялар товар өндүрүүчү фабрикаларда адамдар мажбурий иштетилип жатканын билбеген болушу мүмкүн. Reuters агенттиги айрым компаниялар бул кабарды териштирип жатканы тууралуу кабарлаган.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги 2-март күнү жогорудагы маалыматтарды четке каккан билдирүү таратты. Кытайлык дипломаттардын билдиришинче, бул отчётту жарыялоодон көздөлгөн максат Кытай өкмөтүнүн “антитеррордук чараларын” жаманатты кылуу болгон.

 Комментарий: БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин октябр айында болуп өткөн жалпы жыйынында, The China Tribunal аттуу адам укуктарын коргоочу уюм Кытайдын бардык аймактарында диний жана этникалык азчылыктардын өкүлдөрү тирүүлөй кескиленип, алардын ички органдары донор катары алынып жатканын билдирген.

Укук коргоочу Хамид Саби БУУда берген билдирүүсүндө: “Кытайлыктар тирүү, эч бир айыпсыз адамдардын ичин атайылап жарып, жүрөк жана башка органдарын алышууда. Сөз уйгур тилдүү калктын жүрөк, бөйрөк, өпкө жана башка ички органдары жөнүндө болуп жатат. Бул операция Кытай өкмөтүнө “жакпаган” башка улут жана дин өкүлдөрүнө карата ишке ашырылып жаткан массалык кыргын катары бааланат. Кесип алынган ички органдар мыйзамсыз жолдор менен сатыкка чыгарылат”, – деген эле.

 Ооба, Кытайдын мусулмандарга карата зулум жана жырткычтыгынан дүйнө жүзү кабардар. Бирок, бул кабар өз кызыкчылыктары үчүн керек болгон учурда гана эске алынат. Эгерде мусулмандарды коргоодо кызыкчылык боло турган болсо, бул маселе дароо көтөрүлө баштайт. Түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, түрдүү минбарлардан мазлумдардын укуктарын “коргоо” маселеси көтөрүлөт. Мисалы, Кытай өкмөтү көптөгөн жылдардан бери мусулман уйгурларга зулум өткөрүп келе жатканын, аларды улут жана мусулмандар катары жок кылуу үчүн олуттуу күрөшүп жатканын АКШ жакшы билет. Бирок, Кытай күчөп, экономикалык жана саясий жактан коркунуч туудурганга чейин эч кандай реакция билдирбеди. Кытай күчөп, экономикалык жана аскерий жактан дүйнөдөгү экинчи күчкө айланган убакта гана мусулман уйгурларга Кытай мушриктеринин зулум кылып жатканы Америка өкмөтүнүн “эсине” түшүп калды. АКШ тим эле мусулман уйгурларга “жан тартып жаткандай” болуп көрүнүп, Кытайга каршы санкцияларды киргизип, дүйнөлүк коомчулукта Кытайга каршы маанай жаратууга аракет кыла баштады… 

 Кечээ күнү мушрик индустар Делиде мусулмандар жашаган кварталдарга чабуул кылып, 30 га жакын мусулманды өлтүрүштү, мечиттерди бузуп, мусулмандардын үй-жайларын талап-тоношту. А бирок, мушриктердин бул кылмышын Бириккен улуттар уюму же башка бирер мамлекет каралап чыкпады. Себеби, азыр АКШ жана Индия ортосундагы мамиледе жылуулук байкалып, АКШ Индияны Кытай экспанциясына каршы коюуну пландаштырууда. Трамптын февраль айындагы Индияга сапарынын алкагында АКШ Индияга үч миллиард доллардык курал-жарак жеткирип бериши тууралуу келишимге кол коюлду.

Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын төмөнкү хадиси бүгүнкү мусулмандарга толук туура келип калды:

 Жеп тойбос соргоктор өз табагына таштанганы сыяктуу жакында улуттар бардык тараптан силердин үстүңөргө таштанат, дегенде, я Расулалла, ошол кезде саныбыз аз болгондугунан ушундай болобу? – дешти. Ал зат: Силер ал убакта көп болосуңар. Душмандарыңардын калбдарынан коркунуч көтөрүлөт, силердин калбыңарды болсо вахн ээлейт, деди. Ошондо: Вахн эмне? – деп суралганда, ал зат: Дүйнөнү жакшы көрүү, өлүмдү жаман көрүү, – деди”.

 Мындан 96 жыл мурда мусулмандар Халифасынан айрылган күндөн баштап дүйнө жүзүндөгү жеп тойбос соргоктор өз табагына таштанганы сыяктуу, дүйнөнүн бардык тарабынан мусулмандардын үстүнө таштанышты. Ислам шариятын жокко чыгарып, мусулмандар башына эмне деген балээлерди гана жаадырышпады жана бүгүнкү күндө да жаадырып жатышат. Мусулмандар өздөрүнүн азиздигинин негизи болгон  Ислам динине жана шариятына кайтып келип, өз калканы болгон Халифалык мамлекетин тикелемейинче, мындай балээлердин аягы үзүлбөйт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here