АКШ мигранттар аркылуу Европага көйгөй жаратмакчы

622
2

АКШ мигранттар аркылуу Европага көйгөй жаратмакчы

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Евробиримдик сириялык качкындарды Түркия чек арасынан чыгарбоо үчүн бөлүп берген кошумча 1 млрд еврону алгандан баш тартты. Идлибдеги окуялар курчугандан кийин Түркия мигранттар менен качкындардын агымын токтото албай тургандыгын билдирип, Европа өлкөлөрүнө чек араларын ачкандыгын жарыялады. Бул билдирүүдөн үч күн өтпөй Грекия чек арасын бузуп өтүүгө аракет кылган 20 миңден ашык факты катталды.

Эрдогандын айтымында, Түркия ЕБ берген акчаларды алгысы келбейт. Түркия качкындарга ансыз деле 40 миллиард долларын короткон.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Брюссел менен Анкара качкындар маселесинде мунасага келген. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарды өз аймагында убактылуу баш калкалатып, Батышка өткөрбөй турмак. Бул үчүн Евробиримдиктен 6 млрд евро каржылык жардам алмак. Мурдараак Эрдоган ЕБны миграциялык келишимдин алкагында каржылык милдеттемелерди аткарбагандыгы үчүн күнөөлөгөн. Буга кошумча Түркия Сирияда коопсуздук зоналарын түзүү боюнча планды европалык саясатчылар колдобой койгонуна да нааразылыгын билдирген.

Эрдогандын акыркы кадамдары өз алдынча кабыл алган чечимдерден эмес. Анткени, Сирия маселеси АКШнын баш оорусу болуп, аны чечүүдө бир тараптан Түркия, экинчи тараптан Саудия Америкага кызмат кылып келүүдө. Алар Сириядагы мусулмандардын кайратын сындыруу максатында, жихадий топторду алгач каржы, курал-жарак менен камсыздашты. Кийин өздөрүнө берилген ролду аткаруу үчүн мындай жардамдарды токтотуу менен согушкерлерге басым жасап, аларды АКШ түзгөн сүйлөшүү столуна чакыра баштады. Түркия мына ушул кызматтарды ийгиликтүү ишке ашырып жаткан учурда Европа Сирия маселеси бир тараптуу чечилишине каршы туруп, өз кызыкчылыгын айрым кадрларын ишке салуу менен алга сүрөй баштады. Мындай аракеттер албетте башкы оюнчу АКШга жакпады. Натыйжада, Америка Түркия аркылуу Европага жаңы маселе жаратууга киришти. Бул Трамп башында турган АКШ администрациясы экиленбестен кыла турган иштерден. Анткени, Америка дүйнө үстүндөгү лидерликти колдон чыгарбоо үчүн ар кандай ыплас оюндарды ишке ашырып жатканы баарыбызга белгилүү. Маселен, Кытайга каршы соода согушун алып барууда, Орусияны майдандан четтетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн ишке салды. Ошондой эле буга чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келген ИШИМ уюмунун лидерин, Ирандык аскерий жетекчи Сулейманини өлтүрүп жиберди. Эми болсо мигранттар аркылуу Европаны балээге салган турат.

Булардын баары учурда дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик мабда жараксыз абалга кептелгенин айгинелейт. Мындай адилетсиздиктен дүйнөгө адилеттик жана нурун жая турган Исламий мамлекетти тикелөө аркылуу гана кутулабыз!   

Мумтаз Маверанахрий 

2 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here