Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт
Бул тууралуу “Нарын” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Артур Байтереков айткандыгын “Азаттык” кабарлады. Анын айтышынча, “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясынын Индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоорду жабуу чечимине байланыштуу 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды.
Ат-Башы районунун тургундары күздөн бери логистикалык борбордун курулушуна каршы бир катар акцияларды өткөрдү. 17-февралдагы миңдеген адам катышкан митингде өкмөттөн 200 гектар жерди берүү чечимин жокко чыгаруу талап кылынды.
Комментарий: Ар кандай мамлекет (бийлик) элдин каалоосу менен эсептешүүгө мажбур. Себеби, мамлекет – аткаруучу вужуд болуп, өз алдынча башкаруу системасын түзө албайт о.э. аны өз алдынча өзгөртө албайт. Мамлекет ар бир олуттуу өзгөрүүнү элдин ыктыяры менен ишке ашырат. Ал тургай, диктаторлор да үлкөн кыянаттарды кылып жатып алдоо, же анын жетекчи катмарын сатып алуу, же болбосо коркутуу жолдору менен элдин ыраазылыгын алат. Элдин сүкүт сакташы анын ыраазылыгы деп этибар кылынат. Антпесе эл андан бийликти тартып алат.
Элдин (үммөттүн) каалоосу – мамлекеттин каалоосунан жогору турат. Себеби, мамлекеттин вужудун да, бийликти да шайлоо (байъат) аркылуу элден алат. Ошондуктан, шайлоодо саясий күчтөр элдин ыраазылыгын алуу жолунда бири-бири менен атаандашат. Алардын кайсы бири элдин идеологиялык каалоолору негизинде башкарууга убада берип, элдин ишенимине кире алса, калк ошого бийликти тапшырат. О.э. бийлик элдин ыктыяр жана ишенимине кыянат кылса, же идеологиялык баалуулуктарын тебелеп үммөттүн кызыкчылыктарын өз ордунан башка тараптарга иштетсе же сатып жиберсе, эл андан бийликти тартып алат! Ат-Башыдагы элдин нааразылыгы жана бийлик алардын талаптарын аткарууга мажбур болгону бул пикирибизге мисал боло алат.
Албетте, эл да бирер багытты көздөй өз алдынча аракеттене албайт. Аны кандайдыр идеологияга таянган башка бир күч белгилүү бир кызыкчылык негизинде башкарат. Себеби, эл ижтимаий вужуд болуп – ал да өзүн-өзү реформалай албайт. Эл болсо материалдык жана моралдык кызыкчылыктарын коргоочу пикирлерден таасирленет.
Дүйнөдөгү мамлекеттердин башкаруусу капитализм идеологиясына т.а. материалдык кызыкчылык үстөмдүгү фикратына курулган. Бирок, ал мамлекеттердин ар бири өз максаттарын адам эркиндиги негизиндеги демократия акыйдасы менен жашырышат. Ар бир жийиркеничтүү ишти ишке ашыруудан мурда ошол иш эркиндик жолунда демократиялик баалуулуктарды коргоо үчүн болуп жаткандай көрсөтүп, элдин ишеними жана колдоосуна ээ болууга аракет кылышат. (Мисалы, Нью-Йорктогу 11-сентябрь окуясы)
Кыргыз бийлиги Ат-Башыда Кытайдын жана бир топ алигархтардын кызыкчылыгы үчүн үммөттүн умумий мүлкү болгон жерлерди сатып жибермекчи болду. Бул ирет калк аны бул кылмышынан кайтарып, үммөттүн мүлкүн сактап калды. Бирок, өкмөт ушуну менен эле кыянат кылуудан тыйылып калбайт. Себеби, учурдагы ички башкаруу түзүмү да, эл аралык башкаруу системасы да жалаң гана материалдык кызыкчылык негизине курулган. Анда курмандык берүүгө арзый турган туура идеология жана адамзатты жыргалчылыкка алып баруучу туура мабда жок!
Кыргызстан – агрардык мамлекет о.э. өз жерлерин өзү иштетүү, аны туура пайдалануу негизиндеги пикирге ээ эмес. Кыргызстандын оор өнөржайы жок болгондуктан, элди ал тургай трактор менен да камсыздай албайт. Ошондуктан, Кыргызстан мамлекети ар дайым инвестордон жардам суроого мажбур. Бул болсо кулдук абалы болуп, андан кутулуунун бирден-бир жолу – оор өнөржайды өнүктүрүү жөнүндө пикирлөө. Эл аралык саясат бул тармакты катуу көзөмөлдөйт, мындан тышкары эл аралык уюмдар жардамында билим берүү саясатыбызды да көзөмөлгө алышкан. Арабыздан жөндөмдүү адамдар өсүп чыгышынын алдын алууга олуттуу көңүл бурушат. Эл аралык саясаттын чеңгелинен кутулуунун бирден-бир жолу – исламий мабдаий башкаруу түзүмү астында куфр башкаруу системасынан бүтүндөй баш тартуу!
Абдураззак Муъмин.