Чыныгы өзгөрүү шайлоо кутусу аркылуу жүз бербейт

513
0

Басма сөз баянаты

Чыныгы өзгөрүү шайлоо кутусу аркылуу жүз бербейт

Шайлоо кампаниясында туйгуларды козгой турган түрдүү маселелер көтөрүлдү. Мисалы, татыктуу талапкер Исламофобияны о.э. мусулмандар үчүн маанилүү болгон Фалестин жана Кашмир маселеси сыяктуу проблемаларды чечиши, мектептерде либерал баалуулуктарды өнүктүрүүгө жардам бериши керектигине ишара кылынды.

Бирок, шайлоодо жеңип чыккандар ушул маселелердин бирин да туура чечишпейт. Себеби, бул проблемалар түпкүлүгүндө илманий идеологиядан пайда болгон, анда бул нерселердин чечими жок.

Мисалы, Исламофобия бирер адам же бирер партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер аркылуу чечилбейт. Мусулмандарды мусулман болушканы үчүн сындоо о.э. мусулман диаспорасын ашкере жана жашыруун айыптоо системалык күрөштүн бир бөлүгү. Бул күрөш Исламды жок кылууга каратылган жана анда бардык күчтөр ишке салынат. Өкмөт кайрымусулмандарды Ислам жана мусулмандардан коркутуу үчүн массалык маалымат каражаттарын ишке салат. О.э. мусулмандарды өз дининен баш тарттыруу жана анын ордуна либерал илманийликти кабыл алдыруу үчүн да массалык маалымат каражаттары ишке салынат. Максат – мусулмандарды илманийлештирүү. Ошондуктан, алар бизге күмөн менен карашат. Коомдо бизге каршы ар кандай иш-чаралар акталат. Бирок, алар аклий талкуу аркылуу Исламды жеңе алышпайт. Ошондуктан, алдоону ишке салышат жана эл арасында жахилиятты жайышат.

Исламофобияга чекит коюу жана динибизге каршы чабуулга каршы туруу үчүн ошол исломофобиянын артында турган топ көтөрүп чыккан илманий либерал баалуулуктарга туруктуу каршы турушубуз керек. Батыштын ийри капиталисттик идеологиясына каршы Исламды туюнткан түз сызыкты тартуу – даъваттын исламий тарыйкаты о.э. мункарды өзгөртүү тарыйкаты.

Шайлоолорго катышууга чакыруу адамдардын кубатын алсыратуудан жана этибарын режимден башка т.а. пайдасыз нерселерге буруудан башка нерсе эмес. Шайлоолордо адамдар бирер нерсени жүзөгө чыгаргандай болуп калышат. Акыйкатта болсо, алар эч канча убакыт өтпөстөн кайдыгерлик, артка сүрүү жана кабатыр сыяктуу нерселерди көрүшөт. Келерки шайлоонун убадалары башталат.

Демократиядагы добуш берүү капиталисттик түзүмдүн шерменде вакиъсин жашыруу үчүн иштетиле турган матадан башка нерсе эмес. Демократия адамдарда кудум мыйзам чыгаруу жана акимдерди тергеп-тескөө укугу бар деген элести берет. О.э. адамдарда күчүбүз бар, мааниге ээбиз жана жооптуубуз деген сезимди пайда кылат. Түпкүлүгүндө, шайлоочу өкмөткө күн тартибин белгилеп бере албайт, иштелип чыгып жаткан мыйзамдарды тастыктабайт, саясаттарды тандай албайт жана чыныгы токтом ээлерин тергеп-тескей албайт. Себеби, шайлоо аягына чыгып, адамдар парламенттеги өз өкүлдөрүн тандашы менен эле, аларга таасир өткөрө албайт калышат. Беш жылдан кийин аларды шайлабоо менен коркутуудан ары өтө алышпайт. Түпкүлүгүндө, адамдардын бул коркутуусу кичине бир шыктануу болуп, муну менен кудум өкмөт адамдардын талаптарын биринчи орунга койгондой болот. Бул иште массалык маалымат каражаттары маанилүү ролду аткарышат т.а. шайлоодон мурда коомдук пикирде талапкерлер жөнүндө жакшы элести пайда кылып беришет.

Эки шайлоонун ортосунда депутаттарга партия таасир өткөрөт (шайлоочулар эмес). О.э. маалымат каражаттарына ээ болгон күчтүү элита да өзгөчө таасир өткөрө алат. Коомдук пикир жана калк аларга таасир өткөрө албайт. Күчтүү элита басым өткөрүүчү топторду жана изилдөө борборлорун акча менен камсыздайт, өз кезегинде, бул борборлор элитага добуш берүү үчүн саясаттар менен камсыздайт. Элитанын басымы жана чалгытуусу астында калган бул борборлор ушул элитанын кызыкчылыгын коргойт. Өз пайдаларын ойлогон бул саясатчылар адамдардын кызыкчылыгын ойлошпойт. Жок, алар ушул абалды өзгөрүүсүз кармап туруу жана капиталисттердин кызыкчылыгын коргоо үчүн керек. Арийне, демократияда добуш берүү деген нерсе чоң же кичине бирер өзгөрүү жасоонун каражаты эмес. Ошондуктан, чыныгы өзгөрүү шайлоо кутулары аркылуу болгон эмес, эч качан болбойт дагы.

Мухаммад ﷺдын Умматы дүйнө калктарын капитализм караңгылыгынан Ислам нуруна алып чыгуу үчүн аларды жетектөөгө жоопкер.

﴿الر كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ النَّاسَ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَىٰ صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ﴾

«Алиф, Лам, Ро. Биз сага адамдарды Жараткандын ыктыяры менен караңгылыктан нурга — кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна — алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп»                                                                                                                           [14:1]

Эгер, биз илманий демократиялык капитализм негизделген зулум, репрессия жана жакырчылык өлчөөлөрүн кабыл алсак, адамдарды караңгылыктан нурга кантип алып чыгабыз? Акыры, мындай абалда алар менен зулумда шерик болуп, аларды Ислам нуруна чыгара албайбыз го?! Ооба, биз мындай абалда Ислам нуру менен илманийликти аралаштырып жиберебиз. Натыйжада, адамдар нур менен зулумду айырмалай албай калышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here