Чек ара кызматы Баткендеги чатак тууралуу маалымат берди

399
0

Чек ара кызматы Баткендеги чатак тууралуу маалымат берди

Мамлекеттик чек ара кызматы 9-январдан 10уна караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк деген жеринде саат 00.40та белгисиз адамдар кыргыз жаранынын Баткен шаарына бараткан автоунаасын таш менен ургулашканын билдирди. Белгисиз адамдар андан соң Тажикстандын аймагына из жашырып кетишкен. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, машинеде отургандардын арасында жабыркаган кыргыз жарандары бар. Автоунаанын арткы жана каптал айнектери сынган.

Мекемеден алынган маалыматка караганда, болжол менен бир сааттан кийин Тажикстандын жарандары Көчө-Карын деген жерде Баткенден Көк-Таш айылына бараткан башка бир кыргыз жаранынын машинесин да таш менен ургулашкан. Натыйжада анын алдыңкы айнеги талкаланган.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, болжол менен түнкү саат 02:40та Тажикстандын жарандары Дахма тилкесиндеги Кыргызстандын жаранынын үйүнө таш ыргытышкан. Кыргызстандык жарандын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кошо бараткан чек арачыларга Тажикстан тараптан майда калибрдүү мергенчи мылтыктан ок атылган. Мекеменин маалыматына караганда, ок тажик тараптан гана маал-маалы менен атылып жатат. Баткен облусунда жайгашкан чек ара түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууда. (Булак, “Азаттык” үналгысы).

Сереп: СССРден бөлүнүп чыккан мамлекеттер ортосундагы чек аражана такталбаган аймактар көйгөйү, жалаң гана тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгына кызмат кылат. Учурда Борбор Азия мамлекеттери сакафий, саясий жана аскерий жактан Россиянын колониясы болгондуктан, жогорудагы провокациялар жана башка чек ара көйгөйлөрү Россия тараптан уюштурулуп жатканын түшүнүп алууга болот.

Ушул күндөрдө кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакта жарандар менен чек арачылар ортосундагы тирешүүлөр о.э. кыргыз-тажик чек арасында тез-тез уюштурулуп жаткан жаңжалдардын Россиянын бирер саясий басымы жатат. Батыш же Кытай мамлекеттеринин азырынча мындай көрүнүштө (ичкериден провокация уюштуруу аркылуу) басым өткөрүү мүмкүнчүлүгү жок. Алар экономикалык, саясий жана каржылык (карыз берүү жана аны талап кылуу) жолдоур менен  о.э. адам укуктарын коргоо шылтоосу  менен идеологиялык жактан чабуул кылышат.

Кыскасы, чек ара көйгөйүнөн, жалпы эле  колонизаторлордун бардык саясий айла-амалдарынан  кутулуунун бирден бир жолу – эл аралык саясат жана дүйнөлүк башкаруу системасынан баш тартуу! Ал үчүн дүйнөлүк башкаруу системасына альтернатива болгон исламий мабдаий башкаруу түзүмүн тикелөө керек! Себеби, ар кандай мамлекет бирер системага таянышы керек. Учурдагы капиталисттик мабдаий түзүм капиталисттердин жана жетекчи мамлекеттердин гана кызыкчылыгына кызмат кылат!

Демек, ар бир көйгөйдүн артында дүйнөлүк башкаруу системасы турат. Алардын биринен кутулуу үчүн башкасына таянуунун, же алардын үстүнөн эл аралык уюмдарга арыздануунун пайдасы жок. Куфрга негизделген дүйнөлүк башкаруу системасы ичинде мамлекеттерибизде реформа кылмакчы болсок, алардын биринен кутулуп, экинчисине тутула беребиз! Буга чек коюу үчүн турмуштагы ар бир ишибизге исламий фикрат жана исламий тарыйкатты негиз кылышыбыз керек!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here