بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
НАТО жана анын жетимиш жылдык фитнасы, зулуму жана душмандыгы
Абу Хамза Хутваний
2019-жылы 4-декабрда Британия борбору Лондондо Түндүк Атлантика Келишими Уюму (НАТО) түзүлгөнүнүн жетимиш жылдыгына карата бул уюмга мүчө мамлекеттердин саммити болуп өттү. Белгилүү болгондой, НАТО 1949-жылы АКШ жана Канададан турган Атлантика региону мамлекеттери тарабынан о.э. Түркия, капиталисттик Батыш мамлекеттери тарабынан Советтер Союзунун коркунучуна каршы түзүлгөн. Ошондо Советтер Союзу Чыгыш Европада абдан кеңейип, ал жерлерде коммунизмди колдонуп жаткан. Кийин Советтер Союзу 1955-жылы ага көз каранды коммунисттик мамлекеттер менен биргеликте Варшава келишимине негиз салып, коммунизмди күч менен өткөргөн Чыгыш Европа мамлекеттерин ушул уюмга кошуп алды. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнө эки лагерге бөлүндү: АКШ жетектеген НАТОго мүчө капиталисттик мамлекеттер лагери жана Советтер Союзу жетектеген Варшава келишимине кирген мамлекеттер лагери.
1991-жылы Советтер Союзу кулады жана Россия коммунизмден капитализмге өттү, Варшава келишими иш жүзүндө токтоду жана коммунизм коркунучу жок болду. НАТОго мүчө мамлекеттерге каршы эч кандай коркунуч да, НАТОну болушун актаган себеп да калбады. Бул уюмду таратып жиберүү жана эки лагер абалына чекит коюу күтүлө баштады.
Бирок, АКШ Батыш мамлекеттери менен бирге андай кылбады, НАТОну таркатуунун ордуна, НАТОго жаңы душманды (Исламды) ойлоп тапты о.э. НАТОну таркатпоонун себебин ушуну менен актады. Бул жөнүндө Варшава келишими токтошу артынан НАТОнун башкы катчысы Вилли Клаас билдирүү берди. Билдирүүдө ал Батыш душманы болгон коммунизмдин ордуна Ислам келгенин айтып, Батыштын алдында исламий фундаментализм эң чоң коркунучка айланды деди. Ушундай мазмунда көптөгөн Батыш жетекчилери билдирүү беришти, Генри Киссинжер дагы.
Ошентип, коммунизм кулагандан кийин Батыштын душманы Ислам болуп калды. Туура, мындан мурда да Ислам Батыш душманы эмес эле. Бул душмандык эл аралык аскерий коалиция көрүнүшүндө болду. Мисалы, НАТОнун Босния жана Герцеговина, Ирак, Афганистан жана Ливиядагы чабуулдары ал мусулмандарды жек көргөн колонизаторлук миссияны аткарып жатканын көрсөтөт.
1991-жылдан кийин НАТО ачык-айкын жана түздөн-түз Исламдын кресттүү душманына айланды жана ушул негизде кеңейип баштады. Мисалы, Румыния, Болгария, Польша, Венгрия сыяктуу мурдагы Советтер Союзунун өкүмү астында болгон Чыгыш Европа мамлекеттери НАТОго кошулду. Бүгүн ага мүчө мамлекеттердин саны жыйырма тогузга жетти жана дагы көбөйүшү күтүлүүдө.
НАТОго мүчө мамлекеттер менен ага негиз салган мамлекеттер ортосунда Исламга каршы күрөштө келишпестик жок. Бирок, НАТОну кандай ыкмада башкаруу керек жана анын чыгаша каражаты канча көлөмдө болушу керектиги сыяктуу маселелерде алардын ортосунда келишпестик бар. Мисалы, АКШ Европа мамлекеттери НАТОго берген финансылык салымды көбөйтүшүн каалайт. Франция болсо, АКШ жана Англия менен биргеликте жогорку жетекчилик макамын алууга умтулууда о.э. НАТОдон чыгып кетүү жана анын ордун ээлей турган Европа Союзунун армиясын түзүү менен коркутууда. Франция 1969-жылы Шарль де Голл доорунда НАТОдон чыгып кеткен, кийин кайтып кирген.
Жакында Лондондо өткөн НАТО саммитинен мурда Франция президенти Макрон менен АКШ президенти Трамп ортосунда тартышуу жана чыр жүз берди. Макрон АКШнын НАТОдогу жетекчилигине каршылык билдирип, НАТОнун башкы мээси өлгөнүн, Америка НАТО алдындагы өз милдетин аткарбай жатканын айткан. Ага жооб катары Трамп мындай деди: «НАТО улуу миссияны аткарууда. АКШ Европаны Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардан бери коргоп келүүдө жана бул үчүн андан финансылык төлөмдөн башка нерсени талап кылган жок. Макрондун бул билдирүүсү жийиркеничтүү о.э. НАТОнун абройун түшүргөн билдирүү. Негизи, НАТОдон эң көп пайдаланып жаткан тарап Франция болот. Европа мамлекеттери НАТОнун ордун баса турган Европа армиясын түзө алышпайт».
Андан соң Түркия президенти Эрдаган НАТОну коргоду жана Макронго асылып: «НАТОнун эмес, Макрондун баш мээси өлгөн көрүнөт», – деди. Таң калычтуусу, Эрдаган Макронго каршылык билдирүү менен ал ушул НАТО тарабынан бутага алынган мусулман өлкөсүнүн жетекчиси экенин унуткан көрүнөт. Себеби, Түркия НАТОго мүчө болору менен, анын жерлеринен АКШ менен Батыш мамлекеттеринин күчтөрү маанилүү стратегиялык жер катары пайдаланып келишүүдө, ушул аркылуу Исламга душмандык кылган НАТО максаттары ишке ашып жатат… АКШ самолёттору Түркия базаларынан көтөрүлүп, мусулман перзенттерине тынымсыз аба чабуулдарын жасап жатат. Эгер, Эрдаган эрктүү чечим ээси болгондо, Ислам жана мусулмандарга касташкан душман болгон мындай алянстан тезинен чыгып кетмек. Негизи, НАТО Ирак, Афганистан жана башка мусулман өлкөлөрүндө көптөгөн массалык кыргындарды жасады! Сербияда тарыхта сейрек кездешкен кыргынды жасап, Голландия күчтөрү жардамында Сребреницада бир нече күндүн ичинде 8000 мусулманды кыргын кылган да НАТО болот.
Бүгүнкү күндө НАТОнун турушу мусулмандарга гана эмес, бүткүл адамзатка каршы кылмыш. Ал колонизатор мамлекеттердин текебер аскерий тобу. Ал алсыз калктарга зулум жана зомбулук кылуу негизинде аракеттенет о.э. колонизаторлуктун жаңы көрүнүшүн сактап калуу үчүн фитна жана душмандык менен алектенет.
Ошондуктан, эртең тикелене турган Ислам мамлекети тезинен бул Алянсты кыйратышы жана кайра түзүлүшүнүн алдын алышы шарт. Себеби, НАТОнун түзүлүшү бүткүл дүйнөнүн аскерийлешин о.э. зөөкүрлөр алсыздарды эзген токой мыйзамын зордоп орнотууну түшүндүрөт.
Адамдарга изгилик жеткирүү адилет мамлекетин тикелебестен ишке ашпайт жана адилет мамлекети гана бардык калктарга адилеттүү мыйзамы жана түзүмдөрү аркылуу мамиле кылат. Ушул мамлекет миң жылдан ашык доордук тажрыйбасында өзүн көрсөттү. Анын кучагында эч ким зулум жана бөлүү деген нерсени көрбөдү. Шексиз, ушул мамлекетти бүткүл дүйнө арзуу кылууда жана ал бүткүл адамзатка адилетти жеткирүүчү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети.
Роя гезити, №265, 2019-жыл, 18-декабрь.