Хафтар жана анын жалган аскерий маалыматы

381
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хафтар жана анын жалган аскерий маалыматы

Устаз Мухаммад Садык

Хафтар Триполиге каршы «Фатхул мубин» деп аталган согуштук операциясын баштаганына сегиз ай болду… Хафтар шаарга 48 саатта кирет деп күтүлгөн. Ал Ливиянын батышындагы шаарлардагы тарапкерлерине үмүт кылган… Ал ушул операция үчүн техника, аскер, ок-дары, массалык маалымат каражаттары жана үгүт кампанияларынан турган көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жумшады… Эл аралык жана регионалдык тараптардан аскерий, саясий жана финансылык колдоолорду алды… Бирок, ага карабастан, абал ал каалаган жеңишке алып барбады, тескеричсинче, ушул сегиз ай ичинде касташкан каршылыкка жана согушка туш келди… Техникадан да, ок-дарылардан да, ливиялык жана ливиялык болбогон согушкерлерден да үлкөн зыян көрдү. Бирок, ушунча убакыт өткөнүнө жана ушунча ар тараптуу ири зыяндарды көргөнүнө карабастан, Хафтар Триполиге кирүүгө абдан аракет кылып жатат. Бул нерсеге аны ал айткан терроризмге каршы күрөш эмес, бийликке жетүү каалоосу үндөп жатат. Ал өлкө тышындагы жана ичиндеги тарапкерлерин, колдоочуларын дагы эле ай сайын, апта сайын, күн сайын, саат сайын жеңишке жетишип жатабыз деп алдап жатат. Хафтарга караштуу расмийлер, аскерий маалымат каражаттары чындыкты жана согуштагы абалды бурмалап көрсөтүүнү улантып жатышат, алар Триполини алуу согушу чечилди, Хафтар армиясы шаарга кече кирди, же бүгүн кирип жатат, же болбосо эртең, эртең болбосо, кийинки күнү албетте кирет… деген билдирүүлөрдү жана сөздөрдү сегиз айдан бери айтып келишет!!!

Хафтар маалымат күрөшү аркылуу бүткүл дүйнөнү жана колдоо көрсөтүп жаткан мамлекеттерге кудум ал бул согушта үстөм келгендей, Ливиянын бардык аймагын ээлегендей көрсөтүп алдоодо, алардан аскерий жана финансылык жардамдарды дагы да көбүрөөк алуу үмүтүндө өзүн күчтүү адам, чыныгы жетекчи кылып көрсөтүп жатат. Учурда, убакыттан утууга аракет кылып, Берлин конференциясы алдынан бирер жеңишти же бийликти колго алууга урунуп жатат… Анткени, бул нерсе ага конференцияда катышууга о.э. колунда көзүр картасы бар адам катары Ливия саясий сахнасында болушуна мүмкүнчүлүк берет. Акыркы апталарда Хафтар бардык фронттордо согуштарды жана маалымат күрөштөрүн күчөткөнүн күзөттүк. АКШ жана башка ири мамлекеттер, регионалдык күчтөр Хафтардан Триполи согушун токтотууну жана тынчтык жолуна өтүп, сүйлөшүү чечимин кабыл алууну талап кылган билдирүүлөрдү беришти. Хафтар бул билдирүүлөрдөн жана талаптардан согушту өз пайдасына жана ага колдоо көрсөтүп жаткан мамлекеттердин кызыкчылыгына тезирээк чечүү керектигин түшүнүп жатат. Ок атууну токтотууга чакырган бул билдирүүлөр жана талаптар мындан башка нерсени түшүндүрбөйт, себеби, Америка чынында эле согушту токтотууга олуттуу буйрук бергенде, Хафтар итаат кылбашын элестетип болбойт, ал шексиз итаат кылмак. Хафтар Ражмадагы башкы кеңсесине келген АКШ делегациясына да, Иорданияда жолуккан дагы бир АКШ делегациясына да кулак салбады дегени акылга сыйбайт келбейт!

Регионалдык мамлекеттер Хафтарды ушунча жылдардан бери колдоп-кубаттап келе жатат жана бул колдоо Триполи согушу башталганда дагы да күчөдү… Демек, Америка согушту токтотууну олуттуу буйруса, алар Хафтарды колдоп-кубаттоону улантышмак эмес.

Ал тургай, Хафтарга расмий же бейрасмий жол менен жардам берип жаткан Россия сыяктуу башка ири мамлекеттер да Ливияга АКШнын жашыл чырагысыз жана аны менен кеңешпестен аралашмак эмес деп билебиз. Себеби, Россия ал жерде таасир ээси эмес. Американын Россияны Ливиядагы күрөш майданына киргизүүдөн Франция жана Англиянын ал жердеги таасир чөйрөлөрүнөн чыгарууну көздөгөн.

Бул күрөштүн жана согуштун – Аллах сактасын – дагы узак жылдарга созулушунан кабатырланып жатабыз. Себеби, эми Американын жашыл чырагы астында Ливияга Түркия да кириши мүмкүн, кудум Сирияга киргендей.

Америка бүткүл дүйнөнү жана ливиялыктарды адаштырууда Россиянын Ливиядагы аралашуусунан пайдаланып жатат. Т.а. Америка кудум Россиянын региондогу аракетине каршы тургандай, «терроризмге» жана Ливиядагы болгон ИШИМге каршы күрөшүп жаткандай түр жаратып Ливия ишине аралашууда.

Ооба, Ливиядагы эл аралык жана жергиликтүү күрөш уланып, ал жердеги согуш олуттуу түс алып, массалык маалыматтар согушу да курчуп жатат, майдан дагы эле белгисиз жана караңгы бойдон калууда… Себеби, бир тарапта жергиликтүү күчтөр ортосундагы бул согуштар, келишпестиктер жана бөлүнүүлөр, экинчи тарапта бул эл аралык жана регионалдык күрөштөр, ал тургай, ок атууну токтотууну талап кылган чакырыктар, Берлин конференциясындагы мына ушундай чакырыктар дагы эле караңгы бойдон калууда… Конференцияга чакырылган тараптар да түшүнүксүз… Конференциянын кезектеги мөөнөтү да анык айтылбады… Мурун ноябрда болушу айтылган, кийин декабрда болот делди, эми болсо, келерки жылдын башына белгиленгени айтылууда.

Конференцияны өткөрүүнү мынчалык создуктуруудан, макалабыздын башында айтканыбыздай, Хафтарга абалды согуштук жол менен чечүүгө убакыт берилип жаткандай көрүнөт.

Жакынкы күндөрдө жана айларда окуялар жана кырсыктар оор болушу күтүлүүдө, биз азиз Ливия өлкөбүзгө о.э. бүткүл мусулман өлкөлөрүнө Аллах Тааладан саламаттык тилейбиз, Аллах кандай гана жакшы дос жана кандай гана жакшы нусрат берүүчү.

Роя гезити, №265, 2019-жыл, 18-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here