Пакистан режими Исламга каршы күрөштө Курайш жолун ээрчүүдө

371
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пакистан режими Исламга каршы күрөштө Курайш жолун ээрчүүдө

Пакистан режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бирин жана аны менен бирге улуу жаштагы атасын камакка алганына үч аптадан ашты. Ушуга байланыштуу Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү чыгарып, ушуларды баса белгиледи:

«Пакистан режими Куръан жана Сүннөт менен өкүм жүргүзүлүшүн талап кылып жаткан мусулмандарга жырткыч мамиледе болуп жатат. Бу режим үй-бүлө кол тийгистигин урматтабай жатат. Ал мусулмандарга да, алардын оорулууларына жана карыларына маани бербейт. Ал эми, тигил мушрик индустарга Пакистан режими тилектештик билдирүүдө, Индиянын басып алынган Кашмирдеги душмандыктарына колдоп жатат».

Билдирүүдө ушуларга этибар берилди: «Пакистан режими Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө чакырып жаткан мусулмандарды уурдап кетүү менен Меккедеги Курайш тогуттарынын жолун тандады. Ал Ислам жана мусулмандардын душмандарына итаат кылып, аларды колдоп-кубаттоодо, ошол эле убакта, мусулмандарга ырайымсыз мамиледе болууда».

Билдирүү Пакистан мусулмандарына кайрылуу менен аяктаган: «Пакистан акимдери Халифалык даъватчыларына каршы бүткүл өлкө бойлоп аёосуз согуш башташты… Алар Аллах Субханаху ва Тааланын мындан кайтарган эскертүүлөрүнөн коркпой жатышат. Бул рувайбизалар Аллах Субханаху ва Таала түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүүнү талап кылып жаткан калыс мусулмандарга ырайым кылбай жатат. Ушундай болгон соң, Уммат арасындагы, силер, ынсаптуу мусулмандар, үнүңөрдү бийик көтөрүп, акимдерден Халифалык даъватчыларын репрессия кылууну токтотууну талап кылгыла».

Роя гезити, №265, 2019-жыл, 18-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here