CEDAW конвенциясы бузукулукка чакырат, ал эми, Ислам пакизалыкка жана абийирге чакырат

379
0

CEDAW конвенциясы бузукулукка чакырат, ал эми, Ислам пакизалыкка жана абийирге чакырат

Сомалидеги аялдардын стратегиялык демилгеси чыгарган билдирүүдө коомдук тартип жөнүндөгү мыйзамдын бекер кылынганына ыраазылык билдирилди. О.э. аялдарды кемсинткен бардык беренелерди кылмыш кодексинен алып салуу, аялдарга зулум өткөргөн «террористтик» идеология негизинде иштелип чыккан мыйзамдарды бекер кылуу талап кылынды. Топ CEDAW конвенциясына жана аялдардын укуктары боюнча Африка протоколуна кол коюу жана ратификациялоо Судандагы аялдардын укуктарын жана урматтарын коргоо менен бирге, аларга карата мыйзамсыз кемсинтүүнү токтотууда «чечүүчү маселе» экенин баса белгиледи. Ушул демилге премьер-министрдин БУУ Башкы Ассамблеясында кемсинтүүнү алдын алуу боюнча берген убадасына негизделип түзүлгөн.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты билдирүү жарыялады:

«Башир режими Исламды колдонбогон. Жеке абалдар жөнүндөгү мыйзамдагы кээ бир шаръий өкүмдөргө келсек, маанилүү жана өзгөчө мүнөзгө ээ болгону үчүн аларды өзгөртүүсүз калтырууга мажбур болгон. Бул болсо, Ислам душмандарын ачуулантып, мусулмандарды Исламдан алыстатуу үчүн аларды бекер кылууну талап кылууга үндөп жатат. Максат, аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылууну талап кылуу аркылуу дин душмандарынын арамза пландарын ишке ашыруу. Өз кезегинде өкмөт мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, аялдарга турмуштук иштерде шартсыз аракет кылууга жана шаръий өкүмдөргө чектелбөөгө уруксат берди».

Билдирүүдө ушуларга этибар берилди: «Илманий өкмөт тарабынан колдоп-кубатталган бул феминисттик уюмдар үгүттөп жаткан CEDAW конвенциясын капиталисттик Батыш назариясы менен суугарылган кафирлер түзгөн. Ал Аллахтан башканын мыйзамы болуп, бузукулукка, мункарга жана адашууга чакырат. Ислам өкүмдөрү болсо, абийирге жана пакизалыкка чакырат, намысты жана урматты сактайт. Кимде-ким шаръий өкүмдөрдү таштап, ордуна CEDAW конвенциясын кабыл алмакчы болсо, андайлардын ниети бузукулук болуп эсептелет». Билдирүүнүн соңунда Судан калкына кайрылуу жасалды:

«Убактылуу өкмөт да, феминисттик уюмдар да силердин коомуңарда бузуку иштерди жаюуга жана диний баалуулуктарыңарды жок кылууга урунууда. Ислам баалуулуктары аялдарга камкордук кылып, коргоду. Демек, алар өз кожоюндарынын максаттарын аткарышына мүмкүнчүлүк бербегиле».

Роя гезити, №265, 2019-жыл, 18-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here