Үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган автоунаалардын бажы төлөмү көтөрүлдү
2020-жылдын 1-январынан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы көбөйдү.
Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы буга чейин билдиргендей, мисалы, 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү мурда 1250 доллар болсо, 1-январдан баштап ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыкты.
Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдын 18-ноябрында Москвада өткөрүлгөн жыйынында кыргыз тараптын үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын жеңилдетилген баа менен сактап туруу өтүнүчү четке кагылган.
Сереп: Адатта өнүккөн мамлекеттер ири ишканаларын ички базарда тышкы атаандаштардан коргоо үчүн импорттук товарларды алып кирүүгө ар тараптуу тоскоолдуктарды пайда кылат.
Кыргызстанда машина куруу өнөржайы жок. Ал тургай, тышкы инвестицияга курулган биргелешкен машина куруучу заводдор да жок. Демек, жогорудагы мыйзамдын, мурункулары сыяктуу эле, Кыргызстанга эч кандай пайдасы жок! Кыргыз мамлекетинин да, жарандарынын да жашоо деңгээли ого бетер төмөндөшү күтүлөт.
ЕАЭБдин ичинде иштей турган бул мыйзам бир гана Россиянын саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын көздөйт. Саясий тарабы – Өзбекстан, Тажикстан, Кытай сыяктуу мамлекеттерге ушул мыйзам аркылуу экономикалык басым өткөрүүгө аракет кылат. Экономикалык тараптан, алгач Россиядагы чирип бара жаткан эски унаалардан кутулууну, андан соң өзүндө чыгарылып жаткан – башка жакка өтпөй калган – унааларды бизге өткөрүүнү көздөйт.
Абдураззак Муъмин.