Трамп кызматтан кетеби?!

463
0

Трамп кызматтан кетеби?!

Доктор Абдуллах Рубин

Өкүлдөр палатасында Трамптын бийликти кыянаттык менен пайдаланганына тиешелүү беш күндүк угуу аяктап, Америка Трамптын кызматтан кетишин күтүүдө. Белгилүү болгондой, АКШ разведка комиссиясы тарабынан алып барылган иликтөөнү демократтар көзөмөлдөштү жана кайсы күбөлөр менен байланышуу керектигин да алар белгилешти. Он эки күбө Трамп 2020-жылы өтө турган шайлоодо жардам көрсөтүшү үчүн Украинага мыйзамсыз түрдө басым өткөргөнү, бул нерсе глобалдуу коопсуздукка жана АКШнын Украинага карата саясатына тескери келиши туурасында ишеничтүү маалыматтарды беришкен. Күбөлөрдүн айтымында, Трамп администрациясы Украина үчүн өтө маанилүү эсептелген коопсуздук жардамдарын токтоткон. Трамп администрациясы ушул жардамдардын бөлүнүшүнө Конгресс буйрук бергенине да, Украинанын жаңы шайланган президенти Зеленскийдин Трамп менен жолугушуудан үмүтсүз абалга түшкөнүнө да карабаган. Бул жолугушуу Кошмо Штаттардын негизги союздашы болгон Украинага каршы Россиянын аскерий чабуулдары каршысында Украинанын позициясын бекемдөөгө каратылган. Бирок, Трамп Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү каалабай, бул үчүн шарт койду. Т.а. Трамп өзүнүн саясий атаандашы Жон Байдендин Украинада уулу алып барган соода мамилелер үстүнөн тергөө өткөрмөйүнчө Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө даяр эместигин билдирди.

Өкүлдөр палатасында азчылыкты түзгөн республикачылар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө карама-каршы пикирлерди билдирүүгө, көрсөтмөлөр туурасында күмөн ойготууга канчалык аракет кылышпасын, бирок, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн четке кагууда ийгиликке жетише алышпады. Разведка комитетинин төрагасы Адам Шеф айтат: «Республикачылар Трамптын 400 миллион долларды Украинага жөнөтпөгөнүнө ал жерде коррупция бар экенин себеп кылып келтиришти, бирок, далилдер булардын баарынын тескерисин көрсөтүүдө». Ал дагы мындай деди: «Далилдер ушуну көрсөтүүдө, Украина президенти америкалык бир саясий атаандаштын коррупция иштери боюнча тергөө өткөрүүгө чакырылган». Американын Европа союзундагы элчиси Гордон Сондланд: «Менин оюмда, Зеленский өз жоопкерчилигинде болбогон ишти т.а. тергөө алып барылышын жарыя кылышы керек болгон», – деди.

Бул болсо, демократтардын Трамп өзүнүн саясий атаандашын жаманатты кылмакчы деген сөздөрүн кубаттоодо. Күбөлөрдүн айтымында, АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Мари Йовановичтин коррупцияга каршы күрөшү Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулиани тарабынан жокко чыгарылган, Йованович акааратталып, Украинадагы аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотууга мажбур болгон. Негизи, ал «коррупцияга каршы күрөш каарманы» деп таанылган. 25-июлда Трамп Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп: «Кошмо Штаттардын мурдагы элчи айымы өз кызматына ылайык адам эмес», – деди.

Эмнеси болгондо да 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсү кабылдагыс сүйлөшүү катары бааланды. Себеби, Трампка жеке саясий кызмат көрсөтүүнүн акысына финансылык жардам жөнүндө сүйлөдү. Мурда демократтар Трамп 2016-жылдагы шайлоо кампаниясында Россиянын аралашуусу үчүн орус мамлекети менен тил бириктирген деген сөздөрүн далилдөөгө урунушкан. Бирок, мунун далилдери бар экенине карабастан, Мюллердин отчёту алар күткөн даражада натыйжа бербеди. Кийин «эртесине эле» Трамп 2020-жылдагы шайлоодо Украинанын аралашуусун колго алууга урунду! АКШ Разведка комитетинин төрагасы Адам Шеф тыянактарын баян кылып: «Эртесине эле, Дональд Трамп дагы телефон аркылуу сүйлөшүп, башка бир мамлекетти АКШнын ички ишине аралаштырып, андан шайлоодо пайдаланууга аракет кылды! Бул көрсөтүүдө, бул президент өзүн өтө эле мыйзамдан жогорумун деп эсептейт… Менимче, мындан жаман нерсе болбосо керек».

А түгүл, Трамп тамашалап, Байдендин иши боюнча тергөө алып барууну, жада калса, Кытайдан да талап кылды.

Республикачылар өз жетекчилерин коргоого урунушту жана «Трамп Украина президентине пара берем деп айтканын уккансыңарбы» деп сурашпаган күбө калбады. Бирок, республикачылардан Трампка сокку бергендери да болду. Алардын бири эч кандай дипломатиялык тажрыйбага ээ болбогон Гордон Сондланд. Бул адам Трамптын инаугурациясына катышуу үчүн VIP билетке бир миллион доллар төлөгөн, мунун акысына АКШнын Европа Союзундагы элчиси болуп дайындалган. Ал эми, Трамп Украинадагы мурдагы элчини жумуштан алган соң, Трамптын атаандашы Жон Байденге каршы саясий ушактары жана жаңжалдуу пландарын ишке ашыруунун башкы жоопкери ушул Сондланд болду калды. Бирок, ал андан эмне талап кылынып жатканын кийинчерээк түшүнүп жетти жана «абдан айла-амалдуу оюнга» кирип калганын айтты. Трамп аны Рудольф Жулиани менен сүйлөшүүгө тынымсыз мажбур кылган жана план ачыкка чыкты. «Биздин эмне кылып жатканыбызды жана эмне үчүн кылып жатканыбызды баары билет эле», «Бардык бул оюнга катышкан», «Биз президенттин буйруктарына итааткөй болуп калдык», – дейт Сондланд. Натыйжада, республикачылар аны «президентке артынан бычак саюуда» айыпташты.

АКШ мамлекет департаментинин расмий кызматкери Дэвид Холмс Сондланддын: «Президент Украинаны таптакыр ойлобойт, андан чоңураак нерселерди ойлойт», – деген сөздөрү жөнүндө бул «чоңураак нерселерди» ачыктоо суралганда: «Байденди тергөө кылуу сыяктуу президентке пайда алып келе турган чоң нерселер», – деген жообун көрсөттү. АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун мурдагы кеңешчиси Майкл Маккинли элчилер «жергиликтүү саясий максаттарга үндөөдө» пайдаланылып жатканын көрүп, отставкага чыгууну макул көрүшкөнүн айтты. Ал кошумчалап айтат: «Билишимче, АКШ мамлекеттик департаменти эки катага жол койду. Биринчи: тергөө курманы болуп жаткан дипломатиялык кызматкерлерди колдой албады. Экинчи: чет элдеги элчилерибизден жергиликтүү саясий максаттарды ишке ашырууда пайдаланды». Доктор Фиона Хилл баса белгилешинче, президенттин Улуттук коопсуздук маселелери боюнча мурунку кеңешчиси Жон Болтон Сондланддын аракеттерин: «Кудум бангизаттар соодасынын келишимине окшойт», – деп, Рудольф Жулианини болсо: «Баарынын бетине жарыла турган граната», – деп айткандан кийин отставкага чыкты!

Роя гезити, №262, 2019-жыл, 27-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here