Бакура жана Гамр…
Жерди кайра колго алуубу же суверенитетти колдон чыгаруубу?!
Абу Хамза Хутваний
Иордания менен яхудий вужуду ортосунда саткынчыл Вадий-Араба келишими кол коюлганына жыйырма беш жыл болду. Бир жыл мурда, 2018-жылы октябрда король Абдуллах II Бакура жана Гамр райондоруна тиешелүү атайын пунктту аткарууну токтотууга чечим кылды. Бул токтом Иордания бул эки районду яхудий вужудуна кайра ижарага беришин бекер кылган протоколго ылайык кабыл алынды. Ошондон кийин Иордания эки районду колго алып, суверендигин кайра тикеледи. Король райондорго барып, «азаттык» сөзүн сүйлөдү, мекендин ар бир жерин сактоо жөнүндө сөздөрдү айтты.
Бул кандай окуя эмнени түшүндүрөт? Яхудий вужуду эки районду берүү менен кандай утушка жетишти?
Бакура району Иордания өрөөнүнүн түндүгүндөгү Иордания дарыясынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан, аянты 6000 донум¹. Бул регион 1948-жылдагы каргаша артынан яхудий вужудунун көзөмөлүнө өткөн. Ал эми, Гамр району Иорданиянын түштүгүндөгү Вадий Араба шаарынын чыгышында жайгашкан, аянты 4000 донумду түзөт. Бул регион 1967-жылдагы жеңилүү артынан яхудийлердин көзөмөлүнө өткөн. 1994-жылы кол коюлган Вадий Араба келишими менен яхудийлер бул эки районду кайрадан мыйзамдуу түрдө көзөмөл кыла башташты. Эки районго берилген атайын статус аркылуу яхудий дыйкандары – келишимге кол коюлгандан тартып 25 жыл – бул жерлерден эркин пайдаланып келишти жана бул убакытта Иордания тарабынан эч кандай чектөө коюлбады. Ушул күндөрдө мөөнөт аяктады жана эки район Иорданияга кайтарылды, эч кандай тоскоолдук кылынбады, бул яхудийлердин басып алынган жерлерге тиешелүү келишимдерди аткарууну кечиктирүү адатына да тескери түрдө ишке ашты.
Бул табышмактуу абалды яхудийлердин пермьер-министри Нетаньяху өз билдирүүсү менен ачыктады. Нетаньяху Вадий Араба келишими түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Кнессетте сүйлөгөн мындай деди: «Биз үчүн кызыкчылык – Иордания менен түзүлгөн тынчтык келишим. Ал биздин эң узун чегарабыз бойлоп жайгашкан жана Жер Ортолук деңизинин эң узун аралыгын түзгөн мамлекет. Иорданиядагы туруктуулук, кудум Мисир сыяктуу маанилүү. Бул эки мамлекет тынчтык келишимдерине кол койгон, бул келишимдердин аткарылышы биз үчүн пайдалуу. Ар кандай исламий тарап бул эки мамлекетти ээлеп алышына жол бербөө үчүн бизде жетиштүү күч бар, мунун деталына киришүүмө кажет жок».
Демек, Нетаньяхунун айтымында, маселе эки районду Иорданияга тапшырууга караганда маанилүү. Т.а. Мисир жана Иордания режимдерин этияттоо маселеси. Яхудий вужуду Иорданиянын исламчылардын колуна өтүп кетишинен коркуп жатат… Ушул себептен улам, яхудий вужуду бул эки режимди коргоого даяр экенин билдирүүдө. Бул болсо, башка ар кандай кызыкчылыктан маанилүү. Нетаньяху бул эки мамлекет менен тынчтык келишими узартуу канчалык маанилүү экенин түшүнүп жатат.
Нетаньяху ушул Вадий Араба келишими себептүү Иордания менен түрдүү алакалар орнотулганын санап чыгып, аларды коопсуздук, разведка, суу жана соода сыяктуу стратегиялык мамилелер деп баалады. Ал айтат: «Биз Иордания королуна жашыруун жолдор менен жардам берип келе жатабыз. Мунун майда-чүйдөсүнө киришүү керек деп эсептебеймин. Себеби, бул биздин коопсуздугубуз үчүн маанилүү». Яхудийлердин коопсуздук кызматына караштуу «EdyCohen» маалымат агенттиги Нетаньяхунун сөздөрүн жарыялады. Нетаньяху кыска жана нуска сөздөр менен мындай деди: «Бул иштерден король Абдуллахтын аброюн көтөрүү көздөлгөн, бул нерсеге эки мамлекет келишишкен. Король Куддусту фатх кылган Салахиддин сыяктуу Фалестинаны азат кылгандай болуп көрүнсө да, бизге зыяны жок. Себеби, Иорданиядагы иштерди бир нукка салуу, жарылуу алдында турган туруксуздукту турукташтыруу, нааразылык демонстрацияларын токтотуу максатында биз король менен ушул оюнду баштадык. Биздин Иордания менен болгон кызыкчылыгыбыз өтө маанилүү. Иордания учурда суктанчу абалда эмес. Ошондуктан, ага мөөнөт аяктагандан кийин эки районду кайтарып бердик. Мунун акысына биз Иорданияны алдык. Иордания мамлекети менен биздин ортобуздагы алакалар болуп көрбөгөн даражада маанилүү».
Мына, Бакура менен Гамр райондорун Иорданияга кайтаруунун артындагы негизги себеп. Он миңдеген донум жерди көзөмөлдөө-көзөмөлдөбөөнүн маанилүү эмес, маанилүүсү Иордания мамлекетине ээлик кылуу жана анын келечегин яхудий вужудунун келечегине бекем байлоо..
Британия Иордания деген бул мамлекетти яхудий вужудунун коопсуздук сакчысы жана бекем турушунун кепили катары жараткан. Жалпысынан, Батыштын Иорданияга карата көз карашы яхудий вужудуна карата көз карашынан айылмаланбайт, кудум эгиздер сыяктуу, мунусуна жардам берсе, анысын да жардамсыз таштабайт. Бул эки мамлекет бардык маанилүү маселелерде, негизинен, коопсуздук маселесинде келишип иш алып барышат. Өзгөчө, бул маселелер экөөсүнүн да бар болушун камсыздайт.
Кыскача айтканда, маселе – Фалестинде яхудий вужудунун турушу, Иорданиянын бар болушун камсыздоо аркылуу яхудий вужудун сактап туруу маселеси. Экөөсү ортосундагы тынчтыктын өзүнө таандык таасири жана убакыт-мөөнөтү бар. Ошондуктан, эки мамлекет ортодогу алакаларды токтотпоо үчүн ушул факторлорго амал кылууну туура деп эсептешет. Бакура менен Гамрды берүү ушул алаканын тастыгы катары жакында болуп өткөн силкинүү артынан Иорданиядагы абалды турукташтыруу үчүн ишке ашырылды. Бул силкинүүгө Американын басымдары т.а. Саудияга Иорданияга көрсөтүп жаткан жардамдарды токтотууну буйрушу себеп болду. Мындан улам, яхудий вужуду Иорданиядагы абалдын бузулушу себептүү өз келечеги үчүн кабатырланып калды жана Иордания режимине кайра ишеним пайда кылуу максатында колунан келгенин кылып, эки районду ага кайтарып берди… Натыйжада, коомчулукта мамлекет да, король да жакшы саясий абалда деген пикир пайда болду.
Түпкүлүгүндө, сүйлөшүүлөр менен да, келишимдер менен да жер азат кылынбайт. Себеби, согуш дүйнөдөгү басып алынган ар кандай жерди азат кылуунун жалгыз жолу. Жерди кайтарып алуудан мурда айбат жана суверенитетти кайтарып алуу лазым. Бул экөөсүн кайтаруу болсо, Умматтын кубатысыз таптакыр мүмкүн эмес. Умматтын кубаты Иордания жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү адамдар иътикад кылган системанын т.а. Исламдын кубатына таянат жана ушундай болушу шарт. Ислам менен суверенитет, айбат жана жерди кайтарып алуу мүмкүн. Бирок, бул үчүн Ислам колдонулушу керек, аны колдонуу үчүн мамлекет жана бийлик керек. Ошондуктан, албетте Ислам мамлекети, Пайгамбарлык минхажы негизине негизделген Халифалык керек. Халифалык мамлекети гана өзүнүн ушул вазыйпаларын аткарат: Ислам даъватын бүткүл дүйнөгө жеткирип, акыйкатты жүзөгө чыгарат, мазлумдарга адилеттик кылып, өлкө жана жаранды залимдердин жана душмандардын ыпластыгынан азат кылат, колонизаторлорду кыйратып, мусулман өлкөлөрүнөн кууп чыгарат.
¹ Донум – 910 м².
Роя гезити, №261, 2019-жыл, 20-ноябрь.