Махатхир Мухаммад Малайзиянын Фалестиндеги элчилигин Иорданияда ачмакчы!

341
0

Махатхир Мухаммад Малайзиянын Фалестиндеги элчилигин Иорданияда ачмакчы!

Азербайжан борбору Бакуда болуп өткөн Кошулбоо кыймылынын 18-саммитинде Малайзия премьер-министри Махатхир Мухаммад анын мамлекети Фалестин маселесин колдоп-кубаттоо максатында Фалестиндеги элчилигин Иорданияда ачууга токтом кылганын маалымдады. Ал анын мамлекети Фалестинди колдоп-кубатташын баса белгилеп: «Биз «Израиль» Малайзия элчилигин Фалестиндин басып алынган жеринде ачылышына жол бербешин билебиз, ошондуктан, элчилигибизди Иорданияда ачабыз», – деди.

Баса белгилөө лазым, Хизб-ут-Тахрир–Фалестин өз сайтында чыгарган басма сөз баяндамасында ушуларды баса белгиледи:

«Махатхир Мухаммад Фалестин маселесин колдоп-кубатташын айтып, ал да мусулман өлкөлөрүндөгү башка акимдерден айырмаланбастан, коомдун пикирине ээ болууну максат кылып жатат. Ал Малайзия жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү мусулмандардын жүрөгү байланган жана сезим-туйгулары күчөп турган бир маселеге ушинтип өзүн калыс кылып көрсөтмөкчү болууда. Бирок, ал ушул токтом менен саясий наадандыкта кесиптештерин да артта калтырды». Билдирүүдө ушуларга басым жасалды:

«Мусулмаан өлкөлөрү ортосунда элчиликтердин болушу – бөлүнүү көрүнүштөрүнүн бири. Бул абал Халифалык мамлекети кулатылышы жана анын жерлери Сайкс-Пико келишимине ылайык бөлүп ташталышы акыбетинде жүзөгө келди. Жогорудагы токтом мусулман өлкөлөрүнө жардам берүү жана колдоп-кубаттоо эмес, аларды бөлүп салуу каражаттарынын бири. Ким мусулмандарга, Фалестин калкына жакшылыкты кааласа, аларды бир мамлекетте бириктирүүгө аракет кылат, улуттук мамлекеттерди элчиликтер, байрактар, гимндер жана чегаралар менен бекемдебейт». Билдирүү минтип аяктайт:

«Махатхир «көз жаш» төгүп жаткан ушул мубарек Фалестин жерине көрсөтүлө турган жардам – бул аны азат кылуу. Мунун жолу күңүрт эмес, ачык-айкын. Ар кандай акыл ээси болгон адам бул нерсе өлкөдөгү армияларды аракетке келтирүү менен болушун о.э. Батыш мамлекеттеринен эмес, Ислам Умматынан талап кылуу керектигин жакшы бирет. Бирок, эң жаманы – бүгүн Фалестин режими саясий кордоо болуп эсептелген ушул кадамды алкыштап, эрдик кадам деп атап жатканы!

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here