Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты Умматтын Шамдагы козголоңун оңдоо үчүн даъват иштерин алып барууда

318
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты Умматтын Шамдагы козголоңун оңдоо үчүн даъват иштерин алып барууда

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты Умматтын Шамдагы козголоң багытын оңдоо үчүн даъват иштерин алып барууда. Хизб ушул аракеттерди бекемдөөгө чакырды. Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет:

«Учурдагы Шам козголоңу туш болгон абал анын ушул жолдо берген курмандыктарына таптакыр ылайык эмес. Өзгөчө, согушкер топтордогу жетекчилерге берилип жаткан акчалар алардын токтомдорун жана эрктерин тартып алуудан башка максатта берилбей жатканы бүгүн баарына белгилүү. Ал тургай, бул жетекчилер Шам калкына басым өткөрүү, зулум кылуу, бастырып, зомбулук кылуу менен алектене турган болуп калды. Негизи, Шам калкы ушул сыяктуу илдеттерге каршы көтөрүлүшкөн эле. Бул кылмыштар Шам калкын кайра аракетке үндөдү». Билдирүүдө ушулар баса белгиленди:

«Бул кайра башталган аракет да, кудум тизгинделип, кийин туура жолунан буруп жиберилген мурунку аракеттердин абалына түшүп калбашы үчүн аны бекемдөө жана бул үчүн анын өзгөргүс негиздерине көңүл буруу керек. Козголоңдун өзгөргүс негиздери – режимди кулатуу жана Расулуллах A башарат берген Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө, куфр малекеттеринен азат болуу. Ушул өзгөргүс негиздерди жүзөгө чыгаруу үчүн, эң оболу, өздөрүн «донор» деп атап жаткан мамлекеттер, өзгөчө, Шам козголоңуна каршы тил бириктирип жатканы баарына ачык-айкын болуп калган Түркия менен алакаларды үзүү, кийин Ислам акыйдасынан келип чыккан анык саясий долбоорду кабыл алуу, калыс аң-сезимдүү саясий жетекчиликке ээрчүү зарыл. Бул жетекчилик калыс инсандардын аракетин Расулуллах Aдын роя астында бириктирүү, аракетти чыныгы рошид Халифалык долбоору болгон саясий долбоорго ылайык башкаруу үчүн аракет кылышууда. Козголоңду амандык жээгине жеткирүү үчүн анын багытын оңдоо максатында таштала турган эң маанилүү кадам да ушул болот.

Роя гезити, №261, 2019-жыл, 20-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here