بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Иордания, Фалестин, Тунис жана Россия режимдери Исламга каршы күрөштө бир сапта турушат: Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү камакка алынууда
Жекшемби күнү кечинде Иордания режиминин коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири Анварды менен анын кичүү уулун жалган шылтоо менен камакка алды. Коопсуздук кызматы аларга телефон чалып, унааңыз автокырсык себептүү изделүүдө деп чакырган. Ошондон кийин, көптөгөн коопсуздук күчтөрү анын үйүнө бастырып кирип, тинтүү өткөрүштү…
Расифа полициясынан Анвар кайда кармалып турганы жөнүндө суралганда, ал полиция кеңсесинде жок экени айтылган.
Бул окуя боюнча Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын маалымат бөлүмү ушуларды баса белгиледи:
«Иордания режими жана коопсуздук күчтөрүнүн мындай ыплас кылмышы даъватчы жигиттерибизди акыйкатты ачык айтуудан тыя албайт, алардын кайратын баса албайт. Хизб мүчөлөрү алардын тил бириктирүүлөрүн, чыккынчылыктарын, Умматка жана анын динине каршы саткындыктарын, аларды акаараттап, душмандын колуна тапшырып жатышканын ачыктоону улантат. О.э. ар түрдүү айла-амалдарга жана кылмыштарга карабастан, Хизб мүчөлөрү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аракеттерин улантышат».
Фалестиндеги кылмышкер режим өзүнүн бузгунчу долбоорлору, яхудийлерди, америкалыктарды жана колонизатор мамлекеттерди ыраазы кылуу үчүн Фалестин маселесинде жан берип жаткан иштери ачыкка чыгарылышына жөн карап турбайт. Фалестин коопсуздук кызматы өткөн жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү Килкилия шаарында чоң көчөдө Хизб-ут-Тахрирдин үч мүчөсүн баракча таркатуу артынан камакка алды. Ушул саясий баракчада Фалестин режиминин Батыш жана шектүү уюмдар менен биргеликте өлкө аялдарына каршы тил бириктирүүлөрү ачыкталган. О.э. режим жеке абалдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана нике куруу жашын жогорулатууга байланыштуу жакында кабыл алган ыплас «милдеттүү мыйзам» жана «CEDAW» декларациясынын тыянактары аркылуу аялдарга каршы тил бириктирүүдө.
Тунис режими да Ибн Алинин Исламга даъват кылган саясий адамдарды репрессия кылуу саясатын алып барууда. Анын коопсуздук кызматы 2019-жылы 3-ноябрь күнү Хизб-ут-Тахрир мүчөсү Салим Самиданы борбордогу Муруж шаарчасындагы унаа базардан уурдап кеткен.
Ушул окуяга байланыштуу Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү берип ушул суроолорду ортого салды:
«Эмнеге Тунис режими мыйзамдуу түрдө чыккан Тахрир гезитинен коркуп жатат?! Аны коркуткан нерсе гезитте басылып чыккан Салим Самиданын макаласы эмес бекен?! Бул макалада Тунис калкынын Франция элчиси Оливье Пуаврдын өлкөдө турушуна каршы нааразылыгы билдирилген. Же бул коркууга жаңы өкмөттөрдүн Британия сызып берген линия боюнча аракет кылышын, азыркы өкмөт да ушул багыт боюнча бара жатканын ачыкка чыгарган гезиттеги макалалар себеп болуп жатабы?! Же болбосо гезитте бүгүнкү саясий чөйрөнүн алдамчылыгы, колонизатор алдында чөгөлөп, өлкөгө жана элге кыянаттык кылып, аларды душманга туткун кылып бергенин ачыктаган макалалар себеп болду бекен?!
Өздөрүн өкүмдар эсептеп жаткан, түпкүлүгүндө, өкүмдарлыкка ылайык болбогон кимселерге:
Куугунтукка жана жазага ким акылуу?! Бул Франция элчисин өзүңөр кууп чыгарганыңар жакшы эмес беле, акыры, ал ар кандай дипломатиялык эрежелерди тебелеп-тепсеп, силерди жана башка бардык аткаминерлерди акаараттады го, өлкө ичинде каалагандай жүрүп, өлкө кол тийгистигин бузуп жатат го?! Балдар жана карылардын канкору АКШ мамлекетинин элчиси да өлкөдө шүмшүңдөп жүрөт, саткын адамдарды издеп, өлкө иштерине мурдун салып жатат!
Муну менен бирге, Кыргызстан республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы: «Шаршемби күнү Улуттук коопсуздук күчтөрү Россияда тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир уюмунун жетекчилеринин бирини камакка алды», – деген кабарды таратты. Ушул басма сөз кызматынын өкүлү «Спутник» маалымат агенттигине мындай деди: «Кыргызстан республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарында диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын мыйзамсыз аракеттерине каршы күрөшүү алкагында иш-чара алып барды. Иш-чаранын натыйжасында Хизб-ут-Тахрир экстремисттик диний уюмунун бир «амири» камакка алынды. Ал кошуна республикалардын биринин жараны».
Роя гезити, №260, 2019-жыл, 13-ноябрь.
buy domperidone 10mg sale – flexeril for sale flexeril order