Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн 14-айлампасы башталды
Түркия, Иран жана Россиянын делегациялары үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн 10-декабрда Нур-Султан шаарына келишти. Жыйын эки күнгө созулат. Бул тууралуу Казакстан тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров билдирди.
Сүйлөшүүлөрдө Сирияда 8 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу, куралдуу кагылыштан кийинки Конституцияны иштеп чыгуу, саясий системаны алмаштыруу жана качкындар коопсуздугу сыяктуу маселелер каралат.
Бул “Астана жараяны” деп аталган сүйлөшүүлөрдүн 14-айлампасы. Алгачкы сүйлөшүү 2017-жылдын январь айында өткөрүлгөн.
Комментарий: АКШ башчылыгындагы куфр мамлекеттери Сириядагы мусулмандардын каршылыгын аскерий жол менен бастыра албаган соң, айла-амал жана тузактан турган саясий сүйлөшүүлөр жолуна өтүштү. Алар өз максаттарына жетүү жолунда, алгач куралдуу топторду “келишимге” ыраазы болгондорго жана “радикалдарга” бөлүп алуудан башташты.
АКШнын бул планын ишке ашыруу үчүн Түркия, Иран жана Россиянын тышкы иштер министрлери 2016-жылдын 20-декабрында Москва шаарында жолугушуп, төмөнкү беренелер боюнча келишип алышкан:
1- Иран, Россия жана Түркия мамлекеттери Сирия республикасынын көп улуттуу, көп диндүү, мазхабчыл болбогон демократиялык жана илманий (светтик) мамлекет түшүнүгүн, эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгү жана биримдигин урматтай турганын дагы бир жолу билдиришет.
2- Иран, Россия жана Түркия мамлекеттери Сирия проблемасы үчүн аскерий чечим жоктугуна көздөрү жетишти. Тараптар БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссиясынын №2254-резолюциясына ылайык, бул маселенин чечиминде көрсөткөн маанилүү ролду моюнга алышат. Министрлер “Эл аралык Сирияны колдоо тобу”нун токтомдорун да эсепке алышат. Ушул документте көрсөтүлгөн беренелерди ишке ашыруу жолундагы тоскоолдуктарды алып таштоо үчүн эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрүнөн жакшы ниет менен кызматташууну талап кылышат.
3- Иран, Россия жана Түркия мамлекеттери чыгыш Халабда жай тургундардын ыктыярдуу түрдө эвакуация кылынышын жана куралдуу оппозициянын тартиптүү көрүнүштө ал жерден чыгып кетишине уруксат берилишине карата ортоктош аракеттерди кабыл алат. Айрыкча, Фуа, Кефрейй, Зебадани жана Мадаядан жай тургундардын эвакуация кылынышын да макулдайт. Тараптар бул жараян үзгүлтүксүз жана коопсуз көрүнүштө аякташынан жоопкер.
4- Министрлер тынчтык келишими, тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жана жай тургундардын өлкөдө эркин аракеттенүүсү маанилүү экендиги боюнча келишип алышты.
5- Иран, Россия жана Түркия мамлекеттери Сирия өкмөтү менен оппозиция ортосунда өткөрүлүшү мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдүн шарттарын жеңилдетүүгө жана буга кепил болууга даяр экендигин билдиришти. Муну ишке ашыруу үчүн башка мамлекеттерди да кырдаалга таасир өткөрүүгө чакырышты.
6- Ушул келишим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №2254-резолюциясына ылайык, Сириядагы саясий жараянды улантуу үчүн зарыл болгон шартарды түзө турган бир ыкма болушуна катуу ишенишүүдө.
7- Министрлер Казакстан президентинин жолугушууларды Астанада өткөрүү сунушун белгилеп өтүштү.
Бүгүнкү күнгө келип, Россия, Түркия жана Ирандын Сириядагы кызматташтыгы жана Астана сүйлөшүүлөрү “жемишин” бере баштады. Себеби, Астанада жана Сочиде уюштурулган жолугушууларда Россия, Иран жана Түркия мамлекеттери Сирияда “коопсуз аймак түзүү” жана “көзөмөл пункттарын орнотуу” маселелеринде келишип алганын билдиришкен. А бирок, бул келишимдерден көздөлгөн максат, Асад режимине каршы күрөшүп жаткан калыс мусулмандарды алсыратуу жана Асад режимин кубаттандыруу үчүн убакыттан утуу гана болчу. Өкүнүчтүүсү, Сириядагы куралдуу топтордун көпчүлүгү куфрдун бул айла-амалын көрө алышпады жана калыс мусулмандардын насааттарына кулак салышпады. Мунун зыянын бүгүнкү күндө мазлум Сирия калкы тартууда.
Абдурахман Адилов