Азимов өмүр бою эркинен ажырады

555
3

Азимов өмүр бою эркинен ажырады

Орусияда метродогу жардыруу үчүн айыпталган теги кыргызстандык жана өзбекстандык он бир адамга карата сот өкүмү чыкты.  Соттун чечимине ылайык, 29 жаштагы Аброр Азимов өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Анын агасы, 31 жаштагы Акрам Азимов 28 жылга эркинен ажыратылды. Калгандарына 19 жылдан 28 жылга чейинки абак мөөнөтү чегерилди. Аброр Азимов тергөө учурунда күч органдары токко отургузуу сыяктуу кыйноолор менен күнөөнү моюнга алдырганын айтып келет.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жасалма теракттан улам 15 киши каза таап, элүүдөй киши жабыркаган. Бир да уюм бул акты үчүн жоопкерчилик алган эмес.

Буга чейин Акрам Азимов ФСБ кызматкерлери аны 2017-жылдын 15-апрелинде Ош шаарындагы жеке менчик ооруканада жаткан жеринен УКМК кызматкерлеринин жардамында кантип уурдап кеткенин айтып берген. Анын билдиришинче, 4 күндүк катуу кыйноодон кийин чөнтөгүнө граната салып тышкарыга чыгарып жиберишкен. Андан соң атайын опреация уюштуруп, аны Москвадан кармагандай сценарий даярдашкан.

Россия өз жарандарын жасалма теракттар аркылуу коркууда кармап турууда Борбор Азиядан барган мигранттарды курал катары пайдаланууда. Мындай абалда Россияга күнкор болуп жашоо кечирип жаткан Кыргызстандан реакция күтпөсө да болот. Анткени, өлкөнүн бюджети мигранттар которгон каражаттан көз каранды болуп турса, экинчи тараптан күч түзүмдөрү ФСБнын кураторлугу астында иш алып барууда. Анан кантип жарандардын укугу, эгемендүүлүк тууралуу сөз кылуу мүмкүн?!

Мумтаз Маверанахрий

3 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here