ЕАЭБдин күнгөй-тескейи талкууланды
Бишкекте “Кыргызстан ЕАЭБде: жыйынтыгы, тажрыйба жана перспективасы” деген практикалык конференция болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө уюмга киргенден кийинки Кыргызстандын абалы талкууланды.
Талкуу учурунда депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстан башка өнөктөштөргө караганда ЕАЭБдин тариф жеңилдиктеринен пайдалана албай калган жагдайларга токтолду. Анын айтымында, Казакстан 4 миңден ашуун аталыштагы товарларды жеңилдетилген бажы тарифи боюнча алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алган. Тариф саясатында кээ бир өнөктөштөр өзүнө керек болгондо Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, керек эмес учурда ЕАЭБдин тарифтерин колдонуп жатат. Ошондой эле автоунааларды үчүнчү өлкөлөрдөн жеңилдетилген тариф менен ташып келүү боюнча Армения мөөнөтүн үч жылга жылдыра алды. Бизге болсо мындай мүмкүнчүлүк берилбей калды.
Дагы бир депутат Акылбек Жапаров Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине кирип, экспорт көбөйгөндүн ордуна, тескерисинче импорттун көлөмү өскөнүн белгиледи.
Белгилүү болгондой Бажы Биримдиги түзүлгөндөн бери уюмга мүчө өлкөлөр оор жоготууларга учураса, Орусия тескерисинче пайдага ээ болууда. Муну аталган өлкөлөрдүн соода байланышы да так көрсөтүп турат. Маселен, 2019-жылдын январь-сентябрь айларындагы соода байланышта уюмга мүчө өлкөлөрдүн баары тескери сальдо менен чыккан, тагыраагы, экспорт импортко караганда аз болгон. Бир гана Орусияда экспорттун көлөмү өскөн.
Буга кошумча, Орусия өзүнө кирип жаткан жашылча жана башка товарларды ар кандай документтик шылтоолор менен артка кайтарып жиберүүдө. Мындан ачык көрүнүп тургандай, Орусия ЕАЭБди түзүүдөн максаты өзүнүн өтпөй калган товарларын сатуу үчүн жаңы базар ачуу болгон. Муну менен бирге, алардын Орусияга карата экономикалык көз карандылыгын да күчөтүп алууда. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп да, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө.
Мумтаз Маверанахрий