Ташкентте Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу болуп өттү

557
0

Ташкентте Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу болуп өттү

Өзбекстандын Борбор Азиядагы мамлекеттер менен товар алмашуу көлөмү акыркы жылдарда 2 эсеге, биргелешкен ишканалардын саны 4 эсеге көбөйдү. Биргеликтеги аракеттердин натыйжасында чек араларды укуктук жактан расмийлештирүү аяктаганы турат. Алтымыштай көзөмөл-өткөрүү пункттары толук кандуу иштеп жатат, визалар жокко чыгарылды. Ишкердик чөйрөдөгү жана аймактар аралык мамилелер, транспорттук каттамдар, маданий-гуманитардык кызматташтык кеңейүүдө.

Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Мирзиёев Борбор Азия мамлекет башчыларынын Ташкентте болуп өткөн жолугушуусунда билдирди.

Комментарий: 28-ноябрда Бишкекте болуп өткөн ЖККУнун кезектеги жыйынына улай, 29-ноябрь күнү Ташкентте Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик  жолугушуусу болуп өттү.

Эки жолугушууда тең бир катар дүйнөлүк жана жергиликтүү маселелер менен кызыкчылыктар каралды. Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте Афганистан тараптан күтүлүп жаткан коркунучтар жөнүндө сөз кылып, “терроризм” менен күрөштө Россиянын Сирияда тажрыйбага ээ болгонун айтып, проблеманы аскерий чечим тарапка бурууга аракет кылды.

Мирзиёев да Афганистан тараптан күтүлүп жаткан коркунучтар бар экендигин белгиледи. Бирок, Өзбекстан Афганистандын инфраструктурасын реконструкциялап, өнүктүрүү иштерине салым кошуп жатканын айтып, региондо тынчтыктын кепилдиги Афганистан менен экономикалык жана саясий кызматташтыкты өнүктүрүүдө экендигин белгиледи. О.э. кошуна өлкөлөрдү коопсуздук жана башка маселелерде аймактык кызыкчылыктан келип чыгып аракет кылууга чакырды.

Афганистан Борбор Азиянын экономикалык проблемаларынын чечимине жана эл аралык саясаттын көңүл борборуна айланып барууда.  Өзбекстандан  Афганистан аркылуу океанга алып чыгуучу алтернативалык жол Борбор Азия мамлекеттерин Россиянын экономикалык колониясынан куткарышы мүмкүн. АКШ президенти Дональд Трамптын 28-ноябрда күтүүсүздөн Афганистанга сапар кылышы да ушуга байланыштуу. Бул сапары Талибан менен кызматташуу маселесине байланыштуу экендигин өзү да тастыктады. АКШ Өзбекстанга Афганистан аркылуу транзиттик коридор ачуудан кызыкдар. Россия бул жол ачылышы себептүү анын региондогу кызыкчылыктарына зыян жетишинин алдын алуу максатында Борбор Азия мамлекет башчыларын Өзбекстанга каршы багыттамакчы болууда. О.э. Афганистанда жана ага чектеш болгон Тажикстан менен Өзбекстанга кошуна о.э. стратегиялык өнөктөш болгон Кыргызстанга басым өткөрүү аркылуу региондо башаламандык пайда кылмакчы болууда.

Өзбекстан Россиянын ЕАЭБге кошулуу сунушунан баш тартмакчы болууда. Эгерде АКШ Афганистан аркылуу транзиттик жол ачып бере албаса, Өзбекстанга Россия тараптан тышкы басым эле эмес, энергетика жетишпестиги себептүү ички нааразылык да күчөп барышы мүмкүн. Себеби,  өзбек бийлиги Афганистанга энергия жеткирип берип жатканы себептүү, өлкөдө электр энергиясы жана газ таңкыстыгы жүз берүүдө. Өзбекстандын министри актанмакчы болуп “эгерде аларда газ жана электр болбосо, колуна курал алышат” деп айтканда муну моюнга алды. Ошондуктан, Мирзиёев Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түздү.

Путин Борбор Азияга аскерий басым өткөрмөкчү болууда. Сириядагы тажрыйбасын алар менен бөлүшүүнү сунуштаганда, региондо олуттуу проблемаларды келтирип чыгарышы мүмкүн экендигине ишара кылды.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here