АКШ элчиси Өзбекстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча пикирин билдирди
АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм “Фейсбук” социалдык тармагында түз эфирдеги талкуусунда Өзбекстандын ЕАЭБге мүчө болуусуна мамилесин билдирди.
“Алгач, ар дайым Өзбекстандын суверенитети, көзкарандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгүн колдошубузду баса белгилей кетем. Суверенитет – бул ар бир мамлекеттин саясий, экономикалык, жана коопсуздук маселелерин өз алдынча чечүүсү. Ошол себептен да, биз Өзбекстандын ЕАЭБге мүчө болуу жаатында кабыл алган ар кандай чечимин урматтайбыз. Ошол эле учурда, Өзбекстан мындай чечим кабыл алууда ачык жана жашыруун тараптарын эсепке алышына тилектешпиз. Себеби, мындай чечимдер келечекте суверенитет жана көзкарандысыздыкка таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул жаатта ачык талкуу болгону жакшы.
Ал эми Дүйнөлүк Соода Уюмуна келсек (ДСУ), туура, айрым мамлекеттер эки уюмга тең (ЕАЭБ жана ДСУ) мүчө болууну көздөшкөн. А бирок, ЕАЭБге мүчө болуу Өзбекстандын ДСУга кошулуу жараянын оорлотушу анык. Казакстан, мейли кийинчерээк ДСУга мүчө болгону менен, ушундай абалды башынан өткөрдү. Маанилүүсү, Өзбекстан өзүнүн экономикалык өнүгүүсү жаатында анык чечим кабыл алышы керек – мамлекет дүйнөлүк ИДПнын 2 пайызына ээлик кылып жаткан, жогорку тарифтер орнотулган уюмда болобу, же дүйнөлүк экономиканын 98 пайызы менен бирге болобу, муну өзү тандашы керек…»
Комментарий: Өзбекстан Борбор Азияда эки колонизатордун, башкача айтканда, Америка жана Россиянын таасир талашуу майданына айланып барууда. Алардын ортосундагы күрөш октябрь айында Өзбекстанга расмий сапар менен келген Россия Федерациялык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунан кийин ачык баскычка өттү.
Ошондо Матвиенко: “Өзбекстан президенти бир токтомго келген жана Өзбекстандын ЕАЭБге кошулуусу каралууда”, – деген эле.
Матвиенконун билдирүүсүнөн кийин, Американын соода министри Уилбир Росс 22-октябрда Өзбекстанды ЕАЭБге мүчө болуунун акыбетинен эскертти. Анын айтымында, ЕАЭБге кошулуу Өзбекстандын ДСУга мүчө болуу мөөнөтүн узартып жиберет. Анын бул сөздөрү Өзбекстанга карата ачык басым өткөрүү катары бааланды.
АКШ министринин билдирүүсүнө расмий Москва көпкө күттүрбөстөн жооп берди. Премьер-министр Дмитрий Медведев 26-октябрда АКШ соода министринин атын тилге албастан, “АКШдан министрлердин бири” деп айтты.
“Бүгүн АКШдан … министрлердин бири… Өзбекстан ЕАЭБ менен кызматташса, Өзбекстандын ДСУга кирүүсүн татаалдаштырат деп айтты. Бул жерде эмне деп айтууга болот? Бул нерсе шек-күмөнсүз, атаандаштык болбогон күрөш ыкмаларынан пайдалануу болуп эсептелет”, – деди Медведев.
Өз кезегинде Евросоюз да Өзбекстандын ДСУга кошулуусуна жардам берерин билдирди. 11-ноябрда Брюсселде Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Еврокомиссиянын Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча башкы директору Коэн Доэнс “Өзбекстан Республикасынын ДСУга кирүүсү” жана “Арал деңизинин жээгиндеги регион үчүн Адам укугу боюнча фондуна Евросоюздун өнүгүү салымы” техникалык жардам долбоорлорун каржылоо келишимине кол коюшту. Өзбекстандын ДСУга кирүүсү үчүн ажыратылуучу гранттык каражаттардын көлөмү 5 миллион еврого барабар. Долбоор аталган уюмга мүчө болуу жараянында, анын ичинде керектүү документтерди даярдоо, өзбекстандык адистердин ДСУ келишимдери жана эл аралык соода түзүмүнө байланыштуу билимдерин жогорулатууда Өзбекстанга жардам берүүнү камтыйт.
Латвиянын тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич да Өзбекстандын ДСУга мүчө болуу аракеттерине жардам берерин билдирди. Эдгар Ринкевич бул тууралуу, 14-ноябрда Өзбекстандын элчиси Кадамбой Султонов менен жолугушуу учурунда айткан…
АКШ менен Россия Өзбекстанды ДСУга же ЕАЭБге мүчө кылуу боюнча атаандашып жатканы менен, Өзбекстан бул эки уюмдун кайсы бирин тандашы азырынча анык эмес. Негизи, Өзбекстан ДСУга кирүү үчүн 1994-жылы арызын тапшырган. А бирок, ушунча жылдан бери бир да олуттуу кадам таштабады. Өзбекстан ДСУга мүчө болобу же ЕАЭБге киреби айырмасыз, алар койгон белгилүү бир шарттарды кабыл алышы керек болот. Өзбекстан ДСУга мүчө болсо, импорттук автомобилдерге коюла турган бажы ставкасы кеминде төрт эсеге азайтылат.Эгерде ЕАЭБге мүчө болсо, тескерисинче, ЕАЭБден тышкары өлкөлөрдөн келе турган импорттук товарларга бажы алымын жогорулатышы керек болот.
Абдурахмон Адилов