Столтенберг: НАТОнун бардык мүчөлөрү коргонууга кетүүчү чыгымды көбөйтүшү керек
“НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг бейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп менен альянстын мүчөлөрүнүн коргонуу чыгымы тууралуу о.э. өтө маанилүү инфраструктураны коргоону талкуулады”, – деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.
Кабардан тыянак чыгарсак, АКШ президенти НАТОнун башкы катчысын альянска кирген мамлекеттер коргоого кеткен каражатты көбөйтүшү керектигине көндүргөн.
Кабарда келишинче, “Трамп менен Столтенберг бардык союздаштар ИДПнын 2 пайызын коргонууга ажыратышы керек” деген бүтүмгө келишкен.
Америка президенти Дональд Трамп буга чейин да көп жолу НАТОдогу союздаштарга кайрылып, алар аскерий бюджетти көбөйтүшү керектигин айткан.
Комментарий: АКШ менен дүйнө жетекчилигин талашуучу мамлекет калбады. Ошондуктан, ал эми дүйнөгө жетекчиликти өз колунда кармап туруу үчүн мойнуна алган финансылык милдеттенмелерден баш тарта баштады. Эми, ал тургай алсыз мамлекеттерди да жасалма пайда кылынган кооп-коркунучтардан коргоп жатканы үчүн алардан акы талап кыла баштады. Бул талап согуш жүрүп жаткан учурда коюлган талап болгондо, аскерий союздаш, жардамчы же өнөктөш деп сыпаттоого болот эле. Бирок, тынчтык учурунда капыстан жүз бериши мүмкүн болгон аскерий коркунуч үчүн акы талап кылууну талап-тоноочулук, зомбулук деп атоого болот. Себеби, дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттерине жайгаштырылган АКШнын аскерий базалары бир гана анын кызыкчылыгына кызмат кылат. Ошол себептен да, АКШ ошол мамлекеттерге финансылык жана материалдык жактан жардам берип келген. А бирок, акыркы кездерде – тим эле АКШ ал мамлекеттердеги тынчтыкты сактап жаткандай – алардан акы талап кылып, керек болсо аларды коркутуу жолуна өттү.
2018-жылы Трамп Виржиния штатында сүйлөгөн сөзүндө: “Мен Саудияны жакшы көрөм. Бүгүн эртең менен король Салман менен узак маектештик. Мен ага сенин триллиондогон долларың бар. Эгерде мамлекет чабуулга учураса, эмнелер болушун бир Кудай билет дедим”, – деген.
Эми болсо, АКШ өзүнүн дүйнөлүк милдетин аткарууда НАТОго мүчө мамлекеттерден да аскерий бюджетти көбөйтүүнү талап кыла баштады. Негизи, НАТО – АКШнын Европадагы кызыкчылыктарын жана регион чек араларын коргоо о.э. капиталисттик мабда негизиндеги батыш лагерин СССРдин аскерий жана идеологиялык жүрүштөрүнөн коргоо үчүн түзүлгөн аскерий блок.
СССР кулаган соң, АКШ бул альянсты сактап туруу үчүн Иранга жасалма исламий түс берип, аны агрессивдүү мамлекетке айландырды. Андан соң, Россиядан Украинаны тартып алуу менен Россияны Европага каршы койду жана ушул аркылуу дагы кайрадан Европанын НАТОго муктаждыгын күчөтүп койду.
Абдурахман Адилов