Эрдоган Трампка Сириядагы күрттөр боюнча убадасын эскертет

593
0

Эрдоган Трампка Сириядагы күрттөр боюнча убадасын эскертет

Эрдоган 12-ноябрда Вашингтонго учуп кетеринин алдында журналисттерге интервью берип жатып, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде Сирия маселеси да бар экендигин айтты.  Эрдогандын айтышынча, АКШ Сирия -Түркия чек арасынан күрт согушкерлерин алып чыгып кетүү убадасын аткарган эмес.

 “Биз президент Трампка Түркия Сириядагы аскерий операцияны токтотушу үчүн АКШ менен түзүлгөн келишимдин айрым пункттары аткарылбаганын айтабыз”, – деди Эрдоган.

Түркиянын Сирия түндүгүндөгү күрт отряддарына каршы аскерий операциясы 9-октябрда башталган. Анкара күрт куралдуу отряддарын террорчу деп эсептейт. Вашингтон болсо аларды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө союздаш деп билет.

Комментарий:  2010-жылдагы 11-сентябрь окуясынан  кийин АКШ Иракты,  андан соң Афганистанды басып алды. Ошондо да, Ирак, Түркия, Иран жана Сирия ортосунда жайгашкан күрт улутуна таандык аймактын (Курдистан) проблемасынан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланган. Ошондо да АКШ күрттөргө Курдистан мамлекетин куруп берүүнү убада кылган. Ошол эле учурда Түркияга Курдистын мамлекети курулушуна жол бербестигин убада кылган. Эки тарап тең, эки жүздүү АКШнын убадасынан үмүттөнүп, Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгына тескери болгон позициялар менен, куфрга иттей кызмат көрсөтүштү. Согуш аяктаганда АКШ күрттөргө берген убадасын унутуп, алардан кубаттуураак жана пайда келтирүү мүмкүнчүлүгү чоңураак болгон Түркияны тандады. Себеби, эки убада бири-бирине карама-каршы болуп, АКШ алардын бирин тандоого мажбур эле.

Түркия да, Курдистан да, Сирия проблемасында дагы кайрадан АКШнын убадасына ишенип, ал тарапта анын кызыкчылыгы үчүн жан үрөп аракет кылууда. АКШ дагы эки тараптын бирин тандайт! Аларды бири-бири менен уруштуруп коюп, эки тарап менен дагы кайрадан соодалашып, өз кызыкчылыгына ылайыктуураагын тандайт. Кызык жери, ошондо да алданган экинчи тарап АКШдан үмүтүн үзбөйт. Ал дагы кайрадан АКШга таянып кыянатын уланта берет.

Мусулмандар кордугу материалдык же аскерий алсыздыктан эмес, тескерисинче саясий пикирлөөнүн бузуктугунан. Ушул кордук биз мусулмандарды ар дайым бийликти саткындарга тапшырып коюп жатканыбызда көрүнүүдө! Саткын жетекчилерибиз куфрдун коргоосу жана миллиарддаган долларлары  акысына бизди жана байлыктарыбызды эл аралык саясатта таасири бар мамлекеттерге сатып жиберишет. Же  болбосо, мамлекетти, жарандарды күрөөгө коюп куфр кызыкчылыгына ылайык келген, ал эми биз үчүн керексиз жана зыяндуу болгон тобокелдиктерге барышат. Алар аң-сезимибизде эл аралык куфр башкаруу түзүмүнө үмүт пайда кылуу менен, чыныгы исламий мабдаъий ойгонууга болгон ишенимибизди өчүрүп, куфр дүйнөсүнүн зулумдарын сезүүдөн чалгытууга аракет кылышат. Буларды түшүнө алуу, куфрдун тузагы жана башка айла-малдарына алдана бербестик үчүн, үммөттө мабдаъий саясий аң-сезим жана тафаккур болушу шарт! Антпесе, башаламандыкта бири-бирибизди тебелеп, куфр кагып койгон казыктын тегерегинде айланып жүрө беребиз!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here