АКШнын эң кооптуу атаандаштары айтылды

490
0

АКШнын эң кооптуу атаандаштары айтылды

 Пентагондун башчысы Марк Эспер: “АКШ коопсуздугуна эң олуттуу коркунуч – Россия жана Кытай”, – деди.

Ал:  “АКШ улуттук коргоо стратегиясы ири мамлекеттер ортосундагы атаандаштыкты кайтарууга негизделет”, – деди. Эспердин айтымында, аскерий мүмкүнчүлүктүн өсүшү себептүү, Россияга салыштырмалуу түрдө Кытай олуттуураак коркунуч туудурат.

 Июль айында Пентагондун разведка башкармалыгынын башчысы генерал-лейтенант Роберт Эшли Москва Вашингтонго жана Пекинге узак мөөнөткө коркунуч туудурушун айткан эле.

 Эшлинин билдиришинче, Россияга бул аныктама аябай туура келет.  АКШ үчүн “экзистенциал коркунуч”  –  бул “миңдеген ядролук куралга” ээ Россия. Кытай болсо экономикалык жактан атаандаш болуп эсептелет. Бул нерсе дагы көпкө созулат.

 Комментарий: Бүгүнкү күндө АКШнын алдында турган  негизги проблема Кытайдын өнүгүп бара жатышы экендиги белгилүү. Акыркы жылдарда Кытай бир гигант экономиканы тикелөөгө жетишти. Мындай экономика АКШнын дүйнөдөгү экономикалык жеке кожоюндугуна коркунуч туудурат. Мындан тышкары, Кытайдын аскерий бюджети да тездик менен өсүп барууда. Бул каражаттар Россия, Британия жана Франция сыяктуу мамлекеттердин аскерий каражаттарын чогуу эсептегенде да, алардыкынан көптүк кылат. Мындан тышкары, Кытайдын көптөгөн аскерий программалары жашыруун бойдон калууда. Ошондуктан, америкалык саясатчылардын күнүмдүк тынчсыздануусу Кытай болуп калды.

 Ошол себептен да АКШ президенти Дональд Трамп 2018-жылдан баштап разведкалык операцияларды, анын ичинде, Россия жана Кытайга каршы каратылган шпиондук операцияларды каржылоону көбөйттү. 2018-жылы АКШ жарандык жана аскерий разведкага 81,5 миллиард доллар жумшады. Бул цифра бир жыл мурунку көрсөткүчтөн 11,6%га көптүк кылат. Алардан 59,4 миллиарды Улуттук разведка программасына бөлүнгөн. Мурунку жылдагы менен салыштырганда, бюджет 5 миллиард долларга көбөйдү.

 Кытайдан айырмалуу түрдө – мейли,АКШ Россияны да коркунуч катары сыпаттап жаткан болсо да –  Россия АКШ үчүн коркунуч туудура албастыгы анык. Россия  аскерий өнөр жайынын ири бөлүгүн сактап калганы менен, экономикасы сырьё экспортуна негизделген мамлекет болуп калды. Ал дүйнөлүк жетекчиликти дааба кылуучу мамлекеттер катарынан чыгарылып, ал тургай эгемендүүлүк макамын колдон чыгаруунун астында турат. АКШ Кытай жана Россияны бир катарга коюп, аларды өзү үчүн атаандаш мамлекеттер катары көрсөтүп жатканы менен, мүмкүнчүлүк пайда болору менен аларды бири-бирине каршы коюп, өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланууга аракет кылат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here