Жээнбеков: чет өлкөдөн кредит албасак экономикабыз өнүкпөйт

470
0

Каржы минисрлигинин кабарына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 469,22 миллион доллар. Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда “Ал-Арча” резиденциясында өткөрүлгөн маалымат жыйынында: “Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн чет мамлекеттерден карыз алып жатабыз”, – деди.

Мамлекет башчынын айтымында, үч багытта карыз алынып жаткан имиш.

Ал: “Кыргызстан – Өзбекстан – Кытай темир жолу үчүн Кытайдан кредит алабыз. Мындан тышкары, таза суу жана ирригация үчүн кредиттер алынууда. Ошондуктан, карыздарды өз убагында төлөп турушубуз керек”, – деди Жээнбеков.

Комментарий:  Биз ар дайым “бузук башкаруу чөйрөсү өзгөрмөйүнчө, жетекчи алмаштыруудан пайда жоктугун” кайталап келебиз!

Өз доорунда мурдагы президенттер Акаев, Бакиев жана Атамбаевдер да ушундай маанидеги билдирүүлөр аркылуу чет өлкөлөрдөн карыз алууга жол ачышкан эле. Бул паскеч жана популист жетекчилердин түркөйлүгү о.э. эл аралык саясатка көз карандылыгы жана саткындыгы себептүү мамлекеттин карызы көбөйүп барууда. Абалыбыз болсо жакшы тарапка өзгөрбөдү.

Жетекчи топтун өкүлдөрү коррупциялык жолдор менен өтө чоң өлчөмдөгү каражаттарды өздөштүрүп алышып чет өлкөгө качып кетишүүдө. Кээ бирлери кармалып жазага тартылганы менен, мамлекеттин карызы алардын мойнуна илинип жаткан жери жок! Миллиарддаган карыздар элдин мойнуна жүктөлүүдө.

Жээнбеков да мурункулары каралап же жазалап жатканы менен, өзү да алардын изи менен жүрүүдөн башка чарасы жоктугун мойнуна алууда. Жетекчи алмашкан менен башкаруу механизми, эл аралык саясат, дүйнөлүк жана ага көз каранды болгон жергиликтүү башкаруу системалары өзгөрбөдү. Кыргызстандын башкаруу системасы дүйнөлүк башкаруу системасына көз каранды болгондуктан, эл аралык мыйзамдарга моюн сунууга мажбур. Эл аралык мыйзамдар болсо, эл аралык саясатка таасири күчтүү болгон жетекчи мамлекеттердин көзөмөлүндө. Ошондуктан, кыргыз бийлиги мамлекеттик саясатты алардын кызыкчылыгына ылайыкташтыруу негизинде алып барууга мажбур.

Ар кандай мамлекетте бийлик менен жарандар бир Акыйдага (мабдаъ) негизделген болсо ойгоо (өнүккөн) мамлекетке айланат. Качан мамлекет өзүнүн оор өнөржайына ээ болсо, ошондо гана экономикалык жана саясий көз карандылыктан кутулат. Себеби, жеңил өнөржай, мамлекеттик инфраструктура жана бардык кызмат көрсөтүү тармактары машина, техника жана станокторго муктаж болот. Мамлекеттин коопсуздугу болсо, өзүнүн аскерий техникасына ээ болууну талап кылат.

Кыргызстанда саясий чөйрө өкүлдөрүн жана бийликтин жетекчи тобун түптөн өзгөртүлмөйүнчө, абал өзгөрбөйт. Алардын пикирлөөсү да президенттикинен айырмаланбайт. Башкача айтканда, Кыргызстандагы саясий чөйрө колонизаторлордон кутулуу жана өз алдынча болуу жөнүндө пикирлебейт. Алар “колонизаторлорду иренжитүүгө болбойт, аларга тескери мабдаий, экономикалык же саясий багыт менен жүрүү мүмкүн эмес” деп билишет. Демек, бул саясий чөйрөнүн экономикалык көз карандысыздык жана өнүгүү жөнүндө пикирлешин, же бирер реформаларды ишке ашырышын күтүү мүмкүн эмес!

Президенттин билдирүүсү да эл аралык саясатка көз каранды болгон ошол саясий чөйрөдөн келип чыккан тайыз пикир болуп, натыйжасы мурункулардан башкача болушу мүмкүн эмес. Мамлекеттин карызын ого бетер көбөйтүп, коррупциянын күчөшүнө себеп болот о.э. Кытай баскынчылыгына шарт түзүп берүүнү күчөтөт!

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here