Мусулмандардын малай акимдерине таң каласың, жасаган ар бир иши жамандык!

403
0

Мусулмандардын малай акимдерине таң каласың, жасаган ар бир иши жамандык!

Жакында Саудиянын «Saudi Aramco» компаниясынын ишканалары бутага алынып, бул чабуулда Ирандын айыпталышы артынан Сауд Арабия менен Бириккен Араб Амирликтеринин коргонуусун бекемдөө максатында АКШ кошумча күчтөрдү жөнөтөрү белгилүү болду.

АКШ коргоо министри Марк Эспер Пентагондо АКШ күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси генерал Жозеф Данфорд менен биргеликте берген басма сөз конференциясында мындай деди: «АКШ президенти Сауд Арабия менен Амирликтердин коргонуу потенциалдарын жакшылоо максатында аларга кошумча күчтөрдү жана ракеталарды, курал-жарактарды жөнөтүүгө макулдук берди».

Роя гезити:

Мусулман өлкөлөрүнүн акимдерине таң каласың, кылган иштеринин баары жамандык. Мисалы, Саудия экономикасына сокку берип, анын нефть өнөр жайынын жарымын иштен чыгарган жогорудагы амалияттардан тартып, эки Харами Шариф өлкөсүндөгү баскынчылыкты бекемдөөгө чейинки бардык кылмыштары жамандык.

Трамп бийликке келгенден тартып саудиялык малай акимдерди, эгер, мен болбосом, тактыңарда эки аптадан ашык тура албайсыңар деп акараттады, жада калса, Умматтын акимдер ээлеп алган жүз миллиарддаган доллар байлыктарын «бул силерди коргоп жатканымдын акысы» деп тартып алышын айтып шантаж кылды. Бирок, жогоруда айтылган амалияттар Американы шерменде кылды, жалганын ачыкка чыгарды… Ал тургай, массалык маалымат каражаттары жана байкоочулар Трамптын Саудияны коргогонубуз үчүн деген шылтоо менен жасаган кылмыштарын сынга алышты.

Эгер, бул акимдерде кымындай акыл жана калыстык болгондо, Иран менен Хусийлер ким экенин, алар Америка кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн аракет кылып жатышканын жана бул соккулар кандай акыбеттерге алып келгенин түшүнүп жетишмек. Бул соккулар колонизатор мамлекеттин Хижаз жериндеги таасирин бекемдөөгө жана өзүнүн чириген аскерий жабдыктарын миллиарддаган долларга сатууга мүмкүнчүлүк жаратканын түшүнүшмөк… дос ким, душман ким экенин айырмалап алышмак. Бирок, алар адашуу баткагына малынып, өз элине кыянаттык кылып, кожоюндарына берилип – Аллахтын уруксаты менен – кыйроого карап бара жатышат.

Роя гезити, №254, 2019жыл, 2-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here