Атамбаевдин экс макамына чекит коюлду
Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин өтүнүчүн четке кагып, мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапты.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары экс-президент мыйзамда каралган бардык кепилдиктерден ажыратылат, республикалык бюджеттин эсебинен материалдык жана башка камсыздоосу токтотулат» деген нормаларды конституциялык эмес деп табууну суранган.
Азыркы Кыргызстан саясаты карапада камалып калган чычкандын жүгүрүгүндөй элести берет. А түгүл, президенттердин келиши менен кетиши да козудай окшош. Алар президенттик мөөнөтүнүн дээрлик баарын мурунку оппоненттерин жок кылуу, куугунтуктоо менен гана өткөрүп жатышат. Маселен, Бакиев бийликке келгенде, Акаевди жана анын тарапкерлерин куугунтуктап, бизнестерин тартып алды. Анын беш жылы мына ушул иштерди мыйзамдаштыруу менен гана өттү. Андан соң убактылуу өкмөт келип, Атамбаев баштаган саясий топ Бакиевдерди куугунтуктады жана аларга тиешелүү бизнестерди тартып алды. Учурдагы бийлик да ушул эле жолдо Атамбаевди жана анын командасын сындырып, бизнестерин тартып алуу менен парламенттик шайлоого аттанып жатат. Өлкөнүн мындай абалга кептелүүсү албетте, үстүбүздөгү капиталисттик системанын бузуктугуна байланыштуу. Капитализмдин табияты өзү ушундай. Албетте, мындай кордуктан чыгуунун жападан жалгыз жолу мусулмандардын Ислам мабдасына кайтуусунда жана аны кайрадан турмушка ашыруусунда!..
Мумтаз Маверанахрий