Кыргызстанда балдарды мечиттен тосуу рейди

494
0

Кыргызстанда балдарды мечиттен тосуу рейди

Милиция кызматкерлери 18-октябрь, жума күнү Ош облусунун Кара-Суу шаарында балдарды мечиттен тосуу үчүн рейд өткөрүштү. Алар мечиттерден чыккан жаш балдарды өздөрүнүн (кызматтык эмес) машиналарына мажбурлап отургузуп, белгисиз тарапка алып кетүүгө аракет кылышкан. Ушул окуя тартылган видео социалдык тармактарда тарады. Башкача айтканда, ал видеодон машинага мажбурлап отургузуп жаткан балдарды коргош үчүн бир нече адамдын милиция кызматкерлери менен тартышып жатканын көрүүгө болот. Аллах ушул Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгы жолунда активдүүлүк көрсөткөн бардык момундардан ыраазы болсун! Алар биздин балдарыбызды коргошту. Аллах бизди кайдыгерликтен, коркоктук жана таквасыздыктан сактасын!

Эми орган кызматкерлери  жаш балдарды коргогон боордошторубузга кысым көрсөтүшү мүмкүн. Эй боордоштор, биз да аларга жана башка кайраттуу мусулмандарга кайдыгер болбойлу. Куфр биздин дал ушул кайратыбызды сындырмакчы болууда. Эми алар бири-бирибизди колдоп-коргошубуздун алдын алуу максатында алдыңкы саптагы мусулмандарга сокку берүүгө аракет кылышат. Сак бололу, бири-бирибизди куфр чеңгелине таштап коюу менен бул дүйнөдө кордукта жашап, акыретте Аллага күнөөкөр абалда жолугуп калышыбыз мүмкүн.

Пайгамбарыбыз с.а.в.: “Мен алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, сараңдыктан, кам-ташбиштен, кайгы-капалыктан, карыздын жеңип коюшунан, кишилердин зордукчулдугунан Алладан баанек сураймын”, – деген.

О.э. пайгамбарыбыз с.а.в.: “Эгер Улуу жана Буюк Алла бирер коомду жакшы көрсө, аларга балээ жиберет. Ким сабыр кылса, сабырга ээ болот. Ким такаатсыз болсо, бейтакааттыкка жолугат”, – деген.

Сабыр – бул ак сөздү айтуу, акыйкат ишти кылуу, Алланын жолундагы азарларды ийилбестен, бүгүлбөстөн, ох-ий кылбастан көтөрүү.

“Пайгамбарс.а.в.: «Ислам карып болуп башталды, дагы башталганындай карып болуп кайтып келет. Карыптарга бейиш болсун», – деди. «Карыптар кимдер?» деп суралды. «Уруулардан үзүлгөндөр» деп жооп берди”. “Кабир” Табароний.

Ар кандай бузукчулук жана зулум – биз мусулмандардын кайдыгерлигибиз себептүү жүз берет. Зулум – жаман, бирок зулумга көнүп калуу, аны сезбей, ага каршы күрөшүүдөн тыйылып калуу андан да жаман.

Кайдыгерлик ыйманий мухиттин бузулушуна алып барат. Ыйманий мухит ар бир пикир жана амал белгилүү бир максатка каратылышынан пайда болот. Жашоодон максат Аллахты ыраазы кылуу болгон соң, ар бир аракетибиз шариятка ылайык болушун талап кылат!

Биз бошотуп жаткан ар бир тармакты куфр ээлеп алууда. Аялдарыбызга кайдыгер болдук эле, куфр алардын хижабына асылды. Даъватка кайдыгер болдук эле, куфр даъватка тоскоолдук кылууда. Балдарыбызга кайдыгер болдук эле, куфр аларды намаздан тосууда. Куфр менен Ислам эч качан бириге албайт! Жашоонун ар бир тармагындагы чегинишибиз, аны куфрга тапшырып коюуга барабар. Башкача айтканда, коомдон Ислам четтеп барган сайын, куфр күчөй берет. Себеби, Ислам анык дин болуп, андан тышкарыдагы бардык нерсе куфр деп этибар кылынат! Эй боордоштор, кайдыгерлик – таквасыздыктан!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here