Азимов: ФСБ кыйноо менен көрсөтмө алган

366
0

Азимов: ФСБ кыйноо менен көрсөтмө алган

Санкт-Петербургда сотто терракт уюштурууга айыпталып жаткан кыргызстандык Аброр Азимов ФСБнын кызматкерлери аны катуу кыйнап, баштапкы көрсөтмөсүн мажбурлап жаздырышканын билдирди. Ошондой эле ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагууда.

Учурда Петербургдагы Ленинград аймактык аскердик сотунда 2017-жылы болгон метродогу жардыруу боюнча иш каралууда. Кылмышка шектүү катары Абрордон тышкары анын агасы Акрам Азимов менен дагы 9 киши бар. Акрам Азимов буга чейин ФСБ кызматкерлери аны 2017-жылдын 15-апрелинде Ош шаарындагы жеке менчик ооруканада жаткан жеринен УКМК кызматкерлеринин жардамында кантип уурдап кеткенин айтып берген. Анын билдиришинче, 4 күндүк катуу кыйноодон кийин чөнтөгүнө граната салып тышкарыга чыгарып жиберишкен. Андан соң атайын опреация уюштуруп, аны Москвадан кармагандай сценарий даярдашкан.

Белгилей кетсек, Петербургдун метросундагы жардыруу 2017-жылы 3-апрелде болгон. Анда 16 адам каза таап, жүздөн ашык киши жаракат алган. Тергөө комитети жардырууну 22 жаштагы Акбаржон Жалилов аткарган деп билдирген. Азимовдор Жалиловго көмөк көрсөткөн деп айыпталышууда.  Азимовго тагылган айыптар жалган жалаа экендиги даана көрүнүп турса да, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул зулумга карата мамиле билдирип коюуга батынбады!    

Россия өз жарандарын жасалма теракттар аркылуу коркууда кармап турууда Борбор Азиядан барган мигранттарды курал катары пайдаланууда. Мындай абалда Россияга күнкор болуп жашоо кечирип жаткан Кыргызстандан реакция күтпөсө да болот. Анткени, бүгүнкү күндө бир тараптан өлкөнүн бюджети мигранттар которгон каражаттан көз каранды болуп турса, экинчи тараптан күч түзүмдөрү ФСБнын кураторлугу астында иш алып барууда. Анан кантип жарандардын укугу, эгемендүүлүк тууралуу сөз кылуу мүмкүн?!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here