Афганистанда акыркы 4 жылда 3 500дөй бала өлтүрүлдү
Афганистандагы “Сархад” гезити БУУнун маалыматына таянып, афган өлкөсүндөгү оор абал тууралуу кабарлады. Кабарда келишинче акыркы 4 жылда Афганистандагы саясий кырдаал себептүү 3500дөн ашуун наристе каза болуп, 9000 миңден ашуун бала ар түрдүү жарааттарды алышкан. БУУнун башкы катчысы Антонио Гутурреш кырсыкка учурап жараат алган, майып болгон балдардын саны акыркы 4 жылда 82% га көбөйгөнүн билдирди.
Комментарий:
Эгерде Үммөт бир дене болсо, анда Афганистан ошол дененин оорулуу мүчөсү деп ойлоймун. Анткени башка исламий өлкөлөрдөгү адамдар аз болсо да дүйнө ырахатынан пайдаланып келишет. Куфр өкүмдарлыгы астында болсо да, дүйнө неъматтарынан бир аз пайдаланып келишет. Ал эми Афганистан болс дүйнөнүн бардык рахаттарынан үзүлгөн өлкө деп айтсак аша чапкан болбойбуз. Афганистандагы 50 жашка чейинки адамдар тынчтык, бейпил жашоо эмне экендигин билишпейт. Угушубузча, алардын байлары да үй-жайын бийик кылып курушпайт, курулуш учурунда үйдүн кеңдиги же бийиктигине таптакыр көңүл бурушпайт экен. Себеби, “канчалык аракет кылып жакшы ниеттер менен үй курганың менен, баарыбир бирөөлөр келип бомбалап, мээнетибиз текке кетет” деп айтышат экен.
Исламий аалымдар, мужахиддер, даъватчылар куфр назарында “террорист” болсо, ал эми, бул дүйнөгө жаңы эле келген наристелердин күнөөсү кайсы? Ал тургай, айбандар деле балдарга мээрим көрсөтүшөт го. Башыбызга тынымсыз балээлерди жаадырып жаткан дин душмандары айбандардан да жаман экен, ошентсе деле ушулардан жакшылык күтүп, жаркын келечек үмүттөнүп отура беребизби? Кудайдан корккон адамдар гана ырайымдуу болушат, себеби алардын дилине Аллахтын Өзү рахматынан үлүш берет.
Расулуллах (с.а.в.) Зайддын (р.а) өлүмүнө аябай кайгырып, ыйлап отурган Усаманы бооруна кысып, ыйлады. Ошондо Саъд ибн Убода: “Я Расулуллах ! Бул эмнеси?” – деп сураган эле, пайгамбарыбыз (с.а.в): “Бул Хабибуллахтын хабибине ыйы”- деп жооп берди.
Бүгүнкү күндө көздөрүбүздөн аккан жаштар, дилибиздеги ыза, Үммөт денесине тикендей сайылган куфр жарааты бизди алдан тайдырууда. Биз биригишибиз керек! Бизге камын өзүнүн камынан Үммөттүн камын жогору коюучу Султан керек!
Сакина