Кыргызстан “терроризмге” каршы БУУнун кербенине кошулат
10-октябрдан 21-октябрга чейин Кыргызстанда “Зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен маалымат кербени өтөт. Анын алкагында, 21-октябрга чейин ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор уюштурулат. Өнөктүктүн максаты – “экстремизмдин жана радикалдашуунун алдын алуу” болуп эсептелет.
Маалыматка ылайык, иш-чараны өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун аялдар программасы менен бирге уюштуруп жатат. Ага жалпысынан 500дөй адам тартылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Өкмөттүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен экстремизмге жана терроризмге каршы 2022-жылга чейинки улуттук программа иштелип чыккан. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун трибунасында сүйлөп жатып, бул программанын ишке ашуусуна каржылык колдоо көрсөткөнү үчүн уюмга ыраазычылык билдирип, мындан аркы дагы колдоосуна үмүттөнөөрүн айткан эле.
Кыргызстан экономикалык жактан гранттар жана кредиттерге таянып жашаган мамлекет. Мындай кырдаалды, албетте, кафир державалары өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланууга аракет кылат. Алар ушундай максаттары алкагында, “диний экстремизмге каршы күрөшүү” сыяктуу шылтоолор астында, Исламга каршы күрөшүү үчүн өлкөгө каражаттар бөлүп берүүдө. Анткени, Батыштын колонизаторлук кызыкчылыктарына өлкө ичиндеги исламий чөйрө коркунуч жаратып келет.
Мумтаз Маверанахрий
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…