Адистер Кыргызстандагы алтын кендердин абалын талкуулашты

391
0

Адистер Кыргызстандагы алтын кендердин абалын талкуулашты

9-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы ири алтын кендер Кумтөр менен Жерүйдүн азыркы абалы, келечеги талкууланган жыйын болду.

Геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Таластагы Жерүй кени боюнча адистер бир топ сунуштарды иштеп чыгып, өлкө жетекчилигине жөнөтүшкөн.                                                                                                  Ал эми ассоциациянын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков Жерүй кенин иштетип жаткан компания «Востокгеолдобыча» долбоор боюнча 92,5 тонна алтын өндүрүүнү пландап жатканын билдирди. Ошондой эле, көптөгөн уюмдар долбоордо эмне үчүн кыргыз тараптын үлүшү жок экенин кабыргасынан коюп жатканын айтып өттү.
            Ассоциациянын дагы бир мүчөсү Юрий Достовалов келишимге ылайык, Кумтөр кенинде карьерден тышкары жер астынан казылып алына турган иштер башталышы керектигин айтты. Анткени, карьер менен жер астынан казылчу алтындын өздүк наркы таптакыр башка.

Белгилей кетсек, Кумтөрдөгү жер астынан казыла турган алтындын запасы 200 тоннага жакын. Ал эми карьердеги запас 396 тоннаны түзүп, анын 345 тоннасы казылып алынды. Бирок, Центтерра компаниясы өздүк наркы аз болгон карьердик казууларды жана чалгындоолорду гана улантууда. Анткени, үстүбүздөгү капиталисттик система пайдага гана негизделгендиктен, чет элдик компаниялар алсыз өлкөлөрдүн байлыгын болушунча ит бекер ташып кетүүгө умтулат.

Ал эми, Жерүй кенине токтоло турган болсок, бул кенде 4 млрд, 62 млн долларлык же 100 тоннага жакын алтындын запасы аныкталган. Бирок, 2015-жылы аталган кен Орусиялык «Востокгеолдобыча» компаниясына 100 млн долларга сатылып кеткен. Бул дагы өз кезегинде Орусия бизди аскердик жактан эле эмес, экономикалык жактан да өз таасири астында сактап, байлыктарыбызды болушунча өз кызыкчылыгында пайдаланууга аракет кылаарын айгинелейт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here