Казакстанда Кытай долбоорлоруна каршы чыккандар соттолду

553
0

Казакстанда Кытай долбоорлоруна каршы чыккандар соттолду

 Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы соттор ушул айдын башында казак-кытай биргелешкен долбоорлоруна каршы нааразылык акцияларына чыккан жарандарды админстративдик жаза тартты. Ага ылайык, Нур-Султан шаарынын тургундары Куат Толепбергенов жана Марат Темирбеков 10 күнгө эркинен ажыратылды. Алматы шаардык соту Айдос Базарханов жана Асхат Жексебаевди 10 күнгө, Мурат Шорманов жана Ермек Казиевди 15 күнгө эркинен ажыратты. 

 Нур-Султанда полиция уруксат берилбеген митингге чыкканы үчүн 17-сентябрда дагы төрт адамды камакка алганы белгилүү болду.

 Белгилүү болгондой, ушул айдын башында Жаңы-Өзөн шаарында айыл-чарба жана өнөржай багытындагы биргелешкен 55 ишкана ачуу боюнча казак-кытай өкмөттөрүнүн келишимине каршы нааразылык акциялары болуп өткөн.

 Нур-Султан, Алматы, Актөбө жана Чымкент шаарларында Жаңы-Өзөн шаарынын тургундарынын талабына тилектештик билдирген митингдер болгон.

Комментарий: Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев быйыл апрель айындагы Пекинге сапары учурунда Кытай ЖМКларына берген интервьюсунда, Казакстан менен Кытай ортосунда “өнөржай, курулуш жана айыл-чарба тармактарындагы 55 инвестициялык долбоор боюнча” келишимге кол койгонун билдирген. Ошондо 15 долбоор ишке ашырылганы жана дагы 11 обьект жылдын соңуна чейин пайдаланууга берилери айтылган.​

Кытай Казакстандын төртүнчү ири инвестору жана үчүнчү ири кредитору болуп эсептелет. Кытай Казакстанга сырьё булагы, продукциялары үчүн базар жана транзиттик аймак катары карайт. 2018-жылы Кытай Казакстанга 2 миллиард 62 миллион юань өлчөмүндө кредит берген. Кытай берүүчү карыздардын өзгөчөлүгү – ал карыздарды акчалай түрүндө эмес, жер жана кен байлыктар түрүндө кайтарып алат. 

 Өкмөт “Элбасы”нын казак калкынын кызыкчылыктарына тескери келишимдерине жана казак жерлеринин Кытайга сатылып кетишине каршы митингдерге чыккандарды азырынча админстративдик жазага, керек болгон учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен адамдарды коркутуп, ушул аркылуу Кытайга каршы маанайга сокку бермекчи болууда. 

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here