Ирина Карамушкина БУУ жана ЕККУдан Кой-Таштагы окуяларга баа берүүнү суранды

401
0

Ирина Карамушкина БУУ жана ЕККУдан Кой-Таштагы окуяларга баа берүүнү суранды

Депутат Карамушкина БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) жана ЕККУнун (Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму) өкүлдөрүнө кайрылып, алардан 7- 8- августтагы окуяларга баа берүүнү өтүндү.

Карамушкина ашынган россиячыл саясатчылардаын бири. Ал Атамбаев Кой-Таштан Россияга учуп барганда да коштоп баргандардын бири эле. Бирок, Путин Атамбаевди эмес Жээнбековду тандады. Ошондон кийин иштер тескери кете баштады. Ошентип, айласы кеткен Карамушкина Батыштан жардам сурай баштады.

Бул нерсе Кыргызстанда россиячыл саясий элита жоголуп же өзгөрүп кеткенин түшүндүрбөйт. Тескерисинче, Россия өзүнө иттей кызмат кылган саясий топту ага каршы болгон жаңы, күчтүүрөөк жана өзү үчүн ыңгайлуураак башка бир топко  алмаштырып жибергенин түшүндүрөт. Эл аралык саясат колонизатордук саясатын ушул негизде алып барат. Башкача айтканда, колонизаторлор күчтүүлөрүн тандашат. Мурункуларын болсо кийинкилерине салып беришет, же биргеликте ишке ашырган кылмыштары үчүн аларды өздөрү жазалашат. Мисалы, Саддам Хусейн, Каддафи, Милошевич, Мубарак, Мурси, Акаев, Бакиев, Атамбаев…. сыяктуу.

Эл аралык саясат дүйнө жүзүн жетекчи мамлекеттерге колония кылуу жана алсыз мамлекеттерди колониядан кутула албай турган деңгээлде кармап туруу негизине курулган. Бул дүйнөлүк системанын кубаты – ар бир мамлекеттин ички башкаруу системасын өзүнүн идеологиясына ылайыкташтырып  алышында. Башкача айтканда, БУУ сыяктуу дүйнөлүк уюмдар эл аралык мыйзамдар аркылуу жетекчи мамлекеттерге калган дүйнөнү колония кылып берүү үчүн түзүлгөн.

Атамбаев командасына карата болуп жаткан зулумдар, алар мамлекетке миллиарддаган доллардык зыян жеткиргени үчүн же мындан башка кылмыштары үчүн болуп жаткан жок. Ал коррупциялык иштерди учурдагы бийлик деле улантып жатат. Булардын бардык кылмыштары тышкы мамлекеттер менен кызматташтыкта жана алардын колдоосу менен ишке ашырылат. Демек, жетекчи топтор бийликти өз кызыкчылыгы жолунда, жетекчи мамлекеттердин колдоосу же таасири астында алардын кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн пайдаланышат. Антпесе, колонизаторлор аларга, мамлекетке жана калкка каршы репрессиялык аракеттерди баштап жиберишет.

Карамушкина бул иштер Россиянын көрсөтмөсү же уруксаты менен болуп жатканын жакшы билет. Ошондуктан ал Россияга таасир өткөрө алышы мүмкүн болгон күчкө, башкача айтканда, БУУ аркылуу эл аралык саясатка таасир өткөрүшү мүмкүн болгон Батыш системасына кайрылды.

Дүйнөлүк башкаруу системасы өзгөрмөйүнчө жергиликтүү саясатчыларда эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби, Батыш дүйнөсү Кыргызстан үчүн ортодогу келишимдерин же эл аралык мыйзамдарды бузуп, Россия менен да күрөшкө кирбейт. Дүйнөлүк зулум бир гана жол менен, башкача айтканда, куфр зулуму астында жүрүп жаткан эл аралык саясатты өзгөртүп, исламий мабдаъий башкаруу системасын тикелөө аркылуу жоюлат. Ал үчүн үммөт мойнундагы жоопкерчиликти сезиши керек. Себеби, үммөт мусулмандар эле эмес, бүтүндөй адамзат үчүн жоопкер! Ошондуктан, мусулман адам Исламды жашоого алып келүү максатында дүйнөгө ушундай жоопкерчилик назары менен карашы керек! Даъват дүйнөдө жүз берип жаткан окуялардан кабардар болуп, алардын келип чыгуу себептерин жана кесепеттерин о.э. аларды жөнгө салуунун жолдорун баян кылуу менен үммөттүн шаръий жоопкерчилигин сездирип барууга негизделиши керек. Антпесек, сазга батып бара жаткан адам сыяктуу аракет кыла беребиз, бирок, ар бир аракетибиз тескерисинче чөктүрүп бара берет.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here