Хизб-ут-Тахрир–Малайзия Селангордогу исламий иштер мекемесине нота тапшырды

418
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Малайзия Селангордогу исламий иштер мекемесине нота тапшырды

Хизб-ут-Тахрир–Малайзия 2019-жылы 23-августта Селангор вилаятынын исламий иштер мекемесине нота тапшырды. Хизб делегациясы тапшырган бул нота ушул мекеме өкмөтү 2019-жылдын 28-июлунан бери Хизб-ут-Тахрир мүчөсү болгон эже-карындашыбызды камакта кармап жатканы туурасында болду. Хизб-ут-Тахрирдин элүүдөн ашык мүчөсү бул камакка алууга каршы исламий иштер мекемесине караштуу «Султан Идрис шах имараты» алдына чогулушту. Хизб делегациянысын Хизб-ут-Тахрирдин Малайзиядагы расмий сүйлөөчүсү устаз Абдулхаким Усман жетектеди.

Нотада Малайзия Исламий иштер министрлигине караштуу исламий иштер мекемесинин аялдардын укуктары башкармалыгы Хизб-ут-Тахрир жөнүндө фитна, жалган, туура эмес пикирлерди камтыган фатваны бекер кылууга чакырылган. Устаз Абдулхаким Усман «исламий иштер мекемеси» Хизб-ут-Тахрир жөнүндө көбүрөөк маалымат алууну кааласа, мындай фитна чыгаруунун ордуна, Хизбди талкууга чакырышы керектигин баса белгиледи.

Баса белгилөө зарыл, министрликке караштуу исламий иштер мекемеси рейд өткөрүп, 2019-жылы 28-июль күнү Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн үйлөрүнө бастырып кирди жана Хизб мүчөсү болгон эки аялды жана Хизб мүчөсү эмес, алардын тууганы болгон дагы эки аялды камакка алды. О.э. 31-июль күнү да Хизбге мүчө бир аялды камакка алышты. Муну менен камакка алынган Хизб мүчөсү болгон аялдардын саны  бешке жетти.

Роя гезити, №250, 2019-жыл, 4-сентябр.

Мындан тышкары, Хасина режими адамдарды коркутуп, кашмирлик мусулман боордошторуна тилектеш экенин көрсөтүү үчүн Индияга каршы нааразылыктарын билдирүүсүнө жол бербей жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here