Сокулук районунда хижабчан кыздарды мектепке киргизбей коюшту
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айылында хижаб оронуп келген окуучу кыздар мектепке киргизилбеди. Бул тууралуу “AKIpress” кабарлады.
Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, конституцияга ылайык, Кыргызстан светтик (динден тышкары ) мамлекет болгондуктан, жалпы билим берүүчү мектептер да светтик болуп эсептелет.
Министрликтен: “Өкмөт тарабынан мектептик формага сунуштамалар бекитилген, алардын арасында үстү кара, асты ак формалар бар. «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам менен билим берүү уюмдарында динден тышкаркы мүнөздөгү окутуу киргизилген”, – деп белгилешти.
“Хижаб кийген кыздарга мектеп жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, – деп айтылат министрликтин кабарында.
Комментарий: Кыргызстан калкынын 85 пайыздан ашыгы мусулмандар экендигине карабастан, акыркы жылдарда мектептерде хижаб маселеси тынымсыз козголуп келет. Расмий өкмөт да Кыргызстанда башка проблема калбагансып, бирдиктүү мектеп формасын киргизүүгө көңүл буруу менен муслима кыздардын укугу тебеленишине жол ачып берди.
Кыргызстан бийлиги 2014-жылдан баштап мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү мектеп формасын киргизди.
Белгилүү болгондой, колонизатор Батыш таасирин кеңейтүү үчүн о.э. колония кылып алган исламий өлкөлөрдөгү мусулмандардын балдары Ислам дининин негиздеринен кабардар болуп калбашы үчүн – исламий өлкөлөрдүн бардык тармактарына аралашканы сыяктуу эле – билим-берүү тармагынын да майда-чүйдөсүнө чейин аралашты.Муслималар үчүн шаръий фарз болгон авратты жабуу маселесине чейин киришип, өсүп келе жаткан жаш муундун аң-сезиминен ар-намыс, абийир түшүнүктөрүн сууруп таштоого умтулду.
Мусулмандарга өзүнүн дүйнөкарашынан келип чыккан сакафатты сиңирүүгө аракет кылып, ал тургай эч кандай зарылдык болбосо да, кыз-жигиттердин аралаш билим алуусун милдеттүү кылуу менен мусулман жаштардын каалоолорун да өзгөртүүгө катуу умтулду.
Мындан тышкары, бардык иштерин жалаң гана материалдык кызыкчылыкка негиздөөчү жана билим берүүдө да ушул нерсени негизги орунга коюучу Батыш сакафаты натыйжасында ата-бала, ага-ини ортосундагы мээрим жоголуп, натыйжада карылар үйү менен балдар үйү жакындары таштап кеткен балдар менен карыларга толуп кетти. Булардын бардыгы, “ушул дүйнөдө гана жашап калуу керек” деген түшүнүк негизиндеги билим берүү программмасынын натыйжасы.
Жогорудагы көйгөйлөрдөн кутулуу үчүн – Батыш сакафаты менен сугарылган билим берүү программасынан баш тартып, Аллахтын ыраазылыгын ата-эненин ыраазылыгына байлоочу, туугандык байламталарын үзүүнү Аллахтын рахматынан куру калтыруучу күнөө деп, ал эми даюстукту (жакындарын кызганбастыкты) Аллахтын бейишинен куру калтыруучу амал деп эсептөөчү исламий таалим-тарбия негизине кайтуу зарыл.
Абдурахман Адилов
lasuna drug – cheap lasuna pill buy himcolin tablets
benemid price – buy probenecid 500mg sale buy carbamazepine 200mg
buy generic meloxicam over the counter – order maxalt 5mg online buy toradol cheap
prometrium 100mg generic – buy prometrium 200mg sale fertomid without prescription
alendronate 35mg usa – order fosamax 70mg generic purchase medroxyprogesterone generic