بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Тынчтык жараяны согушту токтотууга эмес, Талибанды күчсүздөнтүүгө жана бөлүп салууга багытталган!
Хизб-ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн төрагасы
2001-жылы биринчи Бонн конференциясы болуп өттү. Ага Афганистандын саясий келечегин куруу үчүн Афганистандагы негизги төрт партия чакырылды. Америка бул жолугушууга эки негизги кыймылды – Афган Исламий партиясы менен Талибан кыймылын кошподу. Бул сценарийден Афганистан ичинде күчтүү согуш чыгаруу көздөлгөнү ачык байкалды. АКШнын Афганистандагы мурдагы жана кийинки согуштарында Талибан жетекчилеринин айрымдары тынчтыкка чакырышты. Бирок, бул чакырыктары бүтүндөй четке кагылды. Афганистандагы баскынчылыкка каршы күрөшүп жаткан ар бир мусулман өлүм, же Баграм, же Гуантанама камагынан башкасын каалабады. Кийин Талибан өтө караңгы күндөрдү башынан өткөрдү, көп басымдар астында калды. Анын жетекчилери өз өмүрүн сактап калуудан башка нерсени ойлобой калышты.
Американын 2005-2007-жылдардагы бул позициясы Талибан америкалык күчтөргө каршы күчтүү чабуулдарды уюштурушуна себеп болду. Акыбетте, Америка жана анын малай афган өкмөтү согуштук амалияттарга кошумча, тынчтык комитети, Лоя Жирга сыяктуу регионалдык коопсуздук уюмдарын түзүүгө жана Тынчтык Жогорку кеңеши сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга өтүштү. Бул жана башка иш-чаралар Талибанды куралсызданып, тынчтыкты моюнга алууга кызыктырууга багытталды. Бирок, бул иш-чаралардын эч бири бирер сезилээрлик натыйжа бербеди. Арийне, бул нерсе согуш майданын дагы да жалындатуу менен бирге, афган согушкерлеринин америкалык күчтөргө каршы кайратына кайрат кошту.
Мына ушундай оор чөйрөдө Америка тыгыштырып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү Талибандын этибарын тартпай калган жок. Ошондуктан, Америка көмөгү менен 2013-жылы Катар борбору Дохада Талибандын саясий өкүлчүлүгү ачылды. Мындан азыркы доордогу маселе жараткан куралдуу жамааттар үчүн белгилүү бир дарек жаратуу көздөлдү. Тарыхта куралдуу жаматтардын жеңиши ар дайым согушта болот, саясатта эмес деген акыйкат өз тастыгын тапкан. Ушул себептен улам, бул жамааттар сүйлөшүү столуна олтуруу сунушун кабыл алган күндөн тартып согуштук майдандарда жетишкен ийгиликтерин жогото баштады, арийне, алар каршы күрөшкөн Батыш баалуулуктарына өздөрү ыраазы болуп калды. Арийне, мындай ачуу вакиълик Хикматярдын Хизбул Исламий партиясында ачык-айкын көрүндү. Бул хизбдегилер 18 жыл азап тартып согушта жетишкен ийгиликтерин – сүйлөшүү столуна отуруп – демократиялык баалуулуктарга жана малай афган өкмөтүнүн пайдасына тапшырып коюшту. Натыйжада, Америка мына ушундай ийгилик артынан Афганистанда жарашуу келишимин жүзөгө чыгаруу үчүн АКШынын атайын өкүлү Залмай Халилзадды өлкөгө алып келди. Бул кимсе Талибан өкүлдөрү менен сегиз тур түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң, алар ийгиликтүү тур болгонун жана тынчтык келишиминин босогосуна жетип келишкенин айтты.
Түпкүлүгүндө, Американын тынчтык жараяны – Талибан кыймылын күчсүздөнтүүгө, аны бөлүп салып, моюн сунууга каратылган саясий тил бириктирүү. Бир жагынан, бул, Американын эң узун афган согушунда колдон чыгарган жеңилүүлөрүн жеңишке айлантат жана бүгүнкү АКШ администрациясы 2020-жылы кайра шайланышына жардам берет. Башка жактан, бул, Америка Афганистандын стратегиялык географиялык позициясынан пайдаланып, Кытайга, Россияга, Пакистанга жана Иранга каршы таасирин узак убакыт сактап турушуна жардам берет.
Мындан тышкары, АКШ жана Батыштын Афганистанга каршы саясаттары таптакыр өзгөргөн жок. Афганистан колонизатор кафирлер үчүн стратегиялык гана мааниге ээ эмес, балким, дагы эле иштетилбеген минералдык ресурстары, апийим өнүдүрүү менен маанилүү жер болуп эсептелет. Ушул себептен улам, америкалык расмийлер Афганистандан бардык күчтөрдү алынып чыкканда учурда да, бирок, АКШ разведка кызматын калтырып, аны жогору деңгээлде кармап туруу туурасында бир нече ирет билдирүүлөрдү беришти.
Маселенин эң орчундуу жери – куралдуу мусулман жамааттары бакынчылыкка каршы согушту токтотуп жатышканы, душман бардык жакта жоготууларды көрүп жатканда, аны менен сүйлөшүү эшиктерин ачып жатышканы. Аларды согушка киришүүнүн ордуна, фронтдордо бирер нерсе кылууну билбей «сабыр» кылып жүрүшкөнүн көрүп жатабыз! Американы болсо, регионалдык разведка кызматынан пайдаланууга, өзгөчө, Имран Хан өкмөтүнүн АКШ-Талибан ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көмөк көрсөткөн кызматынан пайдаланып жатканына күбө болуп турабыз. Америка 2001-жылы Талибан амирлигин жок кылышында Мушарраф өкмөтүнүн кызматы чоң болгон. Пакистандын бул кызматтары үчүн, Америка Дюранд чегаралары бойлоп тикен зымдарды орнотуп берди, Уруулар региондорун Пакистан федералдык өкмөтүнө байлап койду, Балужистан Азаттык армиясын «террорист» уюмдардын тизмесине киргизди. Мунун тушунда, Индия Кашмирди басып алууда Пакистандан кайраттуу болду!
Мунун үстүнө, Талибан келишимдин бир бөлүгү катары ал көзөмөлдөгөн жерлерден АКШга жана анын союздаштарына каршы пайдаланбоого кепилдик бере турган болууда. Бул Россия менен Кытайды эки тараптын кепили катары кабыл алуу акысына болот. Негизи, бул эки мамлекет Ислам жана мусулмандарга каршы катуу согуш алып барышууда. Бул принципиалдык каталар келечекте акыбети үрөй учурган каталарга айланат жана анын жоопкерчилиги бул дүйнө жана ахиретте Талибан кыймылынын мойнуна түшөт. Себеби, бул кыймыл АКШ, Россия жана Кытайга каршы жихадынан баш тарткан болот. Бул да жетишпегендей, ал көзөмөлдөгөн региондордогу башка куралдуу исламий кыймылдарга душман кыймылга айланат.
Булардан тышкары, Америка Талибан кыймылы менен айлакер союз түшүп, башка афган кыймылдары менен сүйлөшпөйт, акыбетте алар менен Талибан ортосунда жаңжал чыгышына алып келет… Негизи, бул иште Америка жаңжал чыгаруудан тышкары, убакыттан пайдаланып, ал менен Талибан ортосундагы союздан чыгып алат. Бул болсо, Америка Талибанды бөлүп, күчсүздөнтүү менен Афганистандагы өз баскынчылыгын бекемдешине алып келет.
Ошондуктан, Американын Афганистанда ар кандай абалда турушу рак ооруусу сыяктуу десе болот, аны түп тамыры менен алып салуу зарыл. Бирок, бул – Умматтын калыс мужахиддери баскынчыларга каршы жихадды улантышпаса – мүмкүн эмес. Аны менен бирге, Умматтын муфаккир жана саясатчы активисттери исламий өлкөлөрдүн биринде нусрат алууга аракет кылып Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелеши керек. Мына ошондо гана Халифалыктын бүткүл армиялары афган мужахиддери менен кошулуп сапарбар болуп, Афганистан баскынчыларын гана кыйратпастан, жер жүзүндөгү бардык басып алынган мусулман өлкөлөрүн азат кылышат.
Роя гезити, №249, 2019-жыл, 28-август.