АКШнын үч шаарындагы террордук чабуулда 30 адам каза болду

424
0

АКШнын үч шаарындагы террордук чабуулда 30 адам каза болду

АКШнын Техас штатындагы Эл-Пасо шаарында Патрик Крузиус аттуу 21 жаштагы жаран Калашников автоматы менен 20 адамды атып өлтүрүп, 26 адамды жарадар кылды. Крузиус террордук аракетин ишке ашыруудан мурда “Twitter” баракчасы аркылуу Жаңы Зелландияда мечитке чабуул кылган Брентон Тарранттын террордук аракетин актаган.

Арадан эч канча убакыт өтпөстөн, АКШнын Огайо штатындагы Дейтон шаарында 24 жаштагы террорчу ок атуучу курал менен 9 кишини атып өлтүрүп, 16 адамды жарадар кылды. Андан кийин Чикагодогу ушундай чабуулдун натыйжасында 1 адам өлүп, 10 адам жарадар болду. Жыйынтыктап айтканда, АКШда террордук чабуулдардан бир суткада 30 адам өлтүрүлүп 52 адам жарадар болду.

А бирок баарынын көз алдында ушунча адам өлтүрүлүшүнө карабастан, эч ким жана эч бир маалымат каражаты бул чабуулдарды ишке ашырган адамдарды террорчулукта айыптабады. АКШ президенти Дональд Трамп да “коркоктук” деп айтуу менен чектелди. Себеби, алар мусулман эмес да. Эгерде террорчулар мусулмандар болгондо, бир киши жараат алса да бардык маалымат каражаттары “Исламий террор” сөзүнө толуп кетмек. Негизи, Патрик Крузиус 15-мартта мечитте намаз окуп жаткан мусулмандарды атып өлтүргөн террорчу Брентон Таррантты кумир кылып алышынын өзү анын ким экендигин көрсөтүп турат.

Кайсы жакты карабаңыз, “Исламий терроризм” сөзүн угасыз, а бирок, бир жолу да “христиандык терроризм” деген сөз айтылбайт?! Негизи, жүз берип жаткан теракттардын көпчүлүгү башка дин өкүлдөрү тарабынан ишке ашырылат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Европада мусулмандар аыпталып жаткан террордук чабуулдар ал жерде жүз берген бардык террордук чабуулдардын 2%ын да түзбөйт. Мисалы, 2013-жылы Европада ишке ашырылган 152 теракттын экөөсүнө гана «диний фактор» түрткү болгон.

Бүгүнкү күндө Индия жана Араканда бутпарастар, Палестинада яхудийлер, Сирияда Россия, Афганистанда Америка, кыскасы дүйнөнүн бардык жеринде куфр дүйнөсү мусулмандарга карата ишке ашырып жаткан террорлор жөнүндө айтпай эле коёлу. Ошондой болсо да массалык маалымат каражаттары жана адам укугун коргоочу уюмдар бул тууралуу ооз ачпай жатышат.

Мына ушундан “терроризм” атамасы Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү куралы экендиги көрүнүп турат. Ушундай болгон соң, мусулмандар көздөрүн чоңураак ачып, Батыштын айла-амалдарына ишенип калуудан сак болушу керек.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here