Сауддар үй-бүлөсүнүн акимдери АКШга курал соодасы боюнча кошумча акча сунуш кылышууда

388
0

Сауддар үй-бүлөсүнүн акимдери АКШга курал соодасы боюнча кошумча акча сунуш кылышууда

АКШ Коргоо министрлиги «Lockheed Martin» корпорациясы Саудияга ракеталарга каршы коргоо системасын сатуу боюнча 1.48 миллиард доллар көлөмүндө соода келишимин түзгөнүн маалымдады. Бул, саткын акимдердин тил бириктирүүсү менен курал-жарак соодасы деген жасалма келишимдер аркылуу мусулмандардын байлыктарын талап-тоноо болуп эсептелет. «Нью-Йорк Таймс» гезити министрликке таянып маалымдашынча, бул жаңы келишим «THAAD» ракеталарга каршы коргоо системасына байланыштуу. Гезит түшүндүрүшүнчө, бул келишимдин жардамында Саудия менен түзүлгөн «THAAD» соода келишиминин жалпы көлөмү 5.36 миллиард долларга көтөрүлдү. Башка жактан, жума күнү Саудия регион коопсуздугун жана туруктуулугун коргоо деген шылтоо аркылуу АКШ күчтөрүн өлкөгө киргизүү келишимин түздү. «Король Салман региондун коопсуздугун, туруктуулугун коргоо жана тынчтыгын камсыздоо үчүн биргеликте аракет кылуу даражасын көтөрүү үчүн АКШ күчтөрүн өлкөгө жайгаштыруу келишимине кол койду», – деди коргоо министрлигиндеги расмий булак.

Роя гезити, №244, 2019-жыл, 24-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here