Президент Жээнбеков экс-президент Атамбаевдин ишин мыйзамдын алкагында чечүүгө чакырды

414
0

Президент Жээнбеков экс-президент Атамбаевдин ишин мыйзамдын алкагында чечүүгө чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилиши керектигин айтты.

Президент: «Мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш», – деди.

Кыргызстан президенти Россия президентинен карыздар болуп калды. Ал мамлекеттин ички саясий проблемасын чечүүгө алсыздык кылып, Путинге бул проблеманы чечип беришинин акысына эмнелерди убада кылып жибергени эми билинет. Шарттардын алгачкысы Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигинен сактап, аны мүмкүн болушунча оппозициялык күч катары кармап калуу болушу мүмкүн. Бул нерсе Россия үчүн Кыргызстан президентин өз таасири астында кармап турууга кепилдик берет. Себеби, Атамбаев да начар абалда, ал да Россиянын коргоосуна муктаж. Путин кыргыз элитасындагы саясий тирешүүлөрдөн өнүмдүү пайдаланды. Бирок, Путин көздөп жаткан олжо же Жээнбеков убада кылган кызыкчылыктар анын жеке мүлкүнөн эмес, бүтүндөй үммөттүн же Кыргызстан жарандарынын кызыкчылыгынан болот.

Эми Жээнбеков менен саясий элита жана батышчыл саясий күчтөр ортосунда тирешүү пайда болору күтүлүүдө. Себеби, эми Жээнбековдор тобу Атамбаевди камактан сактап калуу багытында иш алып барат. Демек, сот жана тергөө иштери да аларга көз каранды болгондуктан, чыгарылып жаткан өкүмдөр саясий чөйрөдө кеңири талкууларды жана кескин карама-каршылыктарды пайда кылат. Саясий чөйрө ичинде бөлүнүүлөр жүз берип, Атамбаев өз тарапкерлеринин артына жашынуу үчүн дагы кайрадан элди сатып алып, бузуку пикирлерди таратууну күчөтөт. Натыйжада Жээнбеков бир нече тараптын ортосунда калып, аларды ыраазы кылууда туңгуюкка кептелип калышы мүмкүн.

Жакында Кыргызстан эгемендүүлүк майрамын белгилейт. Андан соң парламенттик шайлоого даярдыктар күчөйт. Демек, Жээнбековду алдында өтө чоң проблемалар күтүп турат. Саясий жараяндар күчөп барышы менен бир катарда, президенттин саясий майдандагы алсыз абалы кырдаалдын курчушуна негизги фактор болот. Ошол себептен да Жээнбеков Путинден баанек издеп, анын ички иштерге аралашуусуна мүмкүнчүлүк берүү менен аябай чоң ката кетирди.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here