Терроризмдин автору – колонизатор мамлекеттер

570
0

Терроризмдин автору – колонизатор мамлекеттер

«Ал-Жазира нет» сайты хижрий 1440-жылы 9-шаввал, миладий 2019-жылы 2-июль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Ал-Жазира кабарчысы бир жанкечти борбор Тунистеги Интилака районунда өзүн өзү жардырганын кабарлады. Ички иштер министрлиги болсо, изделип жаткан Айман Сумайрий жок кылынганын маалымдады, анын жанкечтилик амалиятынан зыян көргөндөр бар экени туурасындагы кабарды четке какты.

«Издөөдөгү террорист курчоого алынгандан кийин, шейшемби күнү кечинде Интилака районунда жок кылынды, коопсуздук кызматкерлери арасында жараат алгандар болбоду», – деди ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Суфян Заак.

Заак билдиришинче, «23 жаштагы Айман Сумайри деген террорист коопсуздук кызматынын издөөсүндө болгон. дүйшөмбү күнү министрлик Айманды издеп жатканы туурасында жарандарга расмий билдирүү жарыя кылынган».

Бейшемби күнү да эки жанкечти борбор Тунисте кармоо операциясында бир коопсуздук кызматкери каза болгон, сегиз адам жараат алган, жараат алгандардан бешөөсү коопсуздук кызматкерлери».

Роя гезити:

«Терроризмдин автору колонизатор күчтөр башкаруусу астындагы разведка кызматы болуп эсептелет. Мындан көздөлгөн максат – Тунис жана башка мамлекеттердеги козголоңчу калктарды даярдоо, өз агенттерин жана программаларын ишке салуу. Ар жолку амалияттан кийин Тунис премьер-министри алдыбызга чыгып, бизди моюн сундурмакчы болгон душманды жеңдик деп мактанат, Тунистеги демократия коркунуч астында деп айтат… Негизи, душманды өздөрү жасашкан, жеңиштери жасалма, аракеттери да шерменде. Бул иште премьер-министрди «бийликчил» жана «оппозициячыл» партиялар, жарчы маалымат каражаттары колдоп-кубаттап турушат. Булардын баарынын максаты бир: бул коррупционер режимди сактап калуу.

Террор оор кылмыш. Бирок, андан да оору өлкөнү колонизаторлорго таштап коюу, чет элдик разведканын Тунис менен ойношуусуна, жардыруулардан пайдаланып, адамдарды коркутуп, ушул вакиъликке жана саясатка мажбурий ыраазы кылышына уруксат берүү. Терроризмден да жаманы анын уюштуруучусуна сүкүт кылуу. Бул кандай унчукпоо болду?! Коркуубу, алсыздыкпы, балким, тил бириктирүүбү?! Тунис калкы алардын тагдырлары менен ойношуп жаткан, байлыктарын талап-тоноп жаткан, перзенттерин кул кылып жаткан режимдин саясатына каршы чыгышса, колонизатор мамлекеттер кайрадан «мокочону» ишке салышууда!

Роя гезити, №242, 2019-жыл, 10-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here