Орусия Евробиримдик менен Орто Азияда кызматташууга даяр
Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Евробиримдиктин Орто Азия боюнча атайын өкүлү Питер Буриан менен жолугушту. Жолугушууда Евробиримдик Орто Азиядагы кырдаалга кылдат жана урмат-сый менен мамиле кылуусу маанилүү экенин билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабар таркатты.
Карасин Евразиялык интеграциянын өнүгүүсүнө да кылдат мамиле талап кылынарын жана Орусия Орто Азия аймагында Евробиримдик менен орток көз карашка жетүүгө даяр экенин кошумчалады. Карасиндин бул сөздөрү Орусия дале болсо Орто Азияга өз ээлиги катары карарын айгинелеп турат.
Белгилей кетсек, Орусиянын тынчсыздануусу Евробиримдиктин 15-майда Борбор Азияга карата жаңы стратегиясын жарыялаганына барып такалат. Анткени, Еврошаркет жаңы стратегиянын алкагында 2020-жылга чейин аймактагы беш мамлекет менен кызматташуу үчүн 1 млрд евро бөлүнгөнүн кабарлаган. Ал эми Орусиянын орток көз карашка жетүү кыялын аймакты Кытайдын таасиринен сактап калуунун бир айласы катары карасак болот.