Биримдикти бекемдей албаган Евробиримдик
Жекшемби күнү кечкурун башталган Евробиримдиктин чукул саммити дүйшөмбү күнү эрте менен токтотулду. Евробиримдик башчысы Дональд Туск саммитти токтотуп, жыйын шейшемби күнү улантыларын жарыялады. Бул тууралуу Франция президенти мындай деди: «Сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиздигине мамлекеттер ортосундагы саясий келишпестик себеп болууда… ». (RT, 02.07.19). Эске салсак, Брюсселде өтүп жаткан бул саммитте Евробиримдиктин негизги кызматтары: Еврокомиссия, Европарламент, Еврокеңеш башчылары, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары жана Европа борбордук банкынын президенти дайындалат.
Мындан мурун Япониянын Осака шаарында өткөн G20 саммитинде Германия, Франция, Голландия, Испания Еврокомиссиянын башчылыгына талапкер голландиялык Франс Тиммермансты колдоого келишип алышкан. Бирок, Евробиримдиктин чукул жыйынында бул талапкердин дайындалышы катуу каршылыкка туш болду. Негизинен Тиммерманстын дайындалышына Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттери каршы чыгышууда (анткени, алар АКШ таасири астында). Чехия премьер-министри Андрей Бабиш айтат: «Тиммерманс мырза биздин регион жөнүндө жакшы сөздөрдү айткан эмес». Ушундай өңүттө эле Польша премьери Матеуш Моравецкий мындай деди: «Голландиялык саясатчы Борбордук Европаны түшүнбөйт».
Андан тышкары, Польша менен Чехия бүгүнкү күнгө чейин улуттук валюталарынан баш тарта элек. Польша «экономикалык деңгээлибиз Германия деңгээлине жетмейин еврого өтпөйбүз» деп жатса, Чехия «Еврозонаны реформалоо керек» деген шылтоону айтып улуттук валютасынан баш тарткан жок. Ошондой эле, Италия саясатчылары евро валютасына параллель түрдө дагы бир валютаны ишке киргизүүнү ойлоп жатышат. Ал эми Британия болсо «Брекзит» менен ташбиш туудуруп жатат. Ошентип, Евробиримдиктин биримдиги ыдырап баратат.
Харун Абдулхак